Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Тарых музейин ачылышын кечеңдеткен карыз төлөндү


Улуттук тарых музейинин имараты.
Улуттук тарых музейинин имараты.

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин ачылышын кечеңдетип жаткан карыз германиялык адистерге төлөндү. Кыргыз тарап эми немис адистеринин келишин күтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" музейдин директору Гүлбара Абдыкалыкова билдирди:

"Немис компаниясында да майда компаниялар иштеген. Алардын бош учуру ар кандай убакытка туура келүүдө. Ыңгайлуу күндү тандап, алып келебиз. Музейдин ачылышынын так күнү алардын келишинен көз каранды".

Келишим боюнча акы толук төлөнгөндөн кийин немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизишет.

Музей 225 миң евро карыздын айынан ачылбай турганын Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев 20-сентябрда парламенттеги жыйында айткан. Буга чейин өкмөт өкүлдөрү музей ноябрда ачыларын билдиришкен.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

7-декабрда Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG