Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Жапониядагы шайлоодо бийликтеги партия жеңишке жетти


Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.
Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида өзүнүн Либерал-демократиялык партиясы жекшембидеги парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады. Бийликтеги бул партия жапон парламентинин 465 орундуу төмөнкү палатасында 261 мандатка ээ болуп, коалициялык көпчүлүктү сактап калды.

Бир ай мурда эле премьер-министрлик кызматка келген Кисида 1-ноябрдагы билдирүүсүндө пандемия шартында экономиканы калыбына келтирүү, Кытайдын саясатына каршы туруу жана климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу сыяктуу дымактуу планын жарыялады.

"Либерал-демократиялык партиянын лидери жана Жапониянын премьер-министри катары мен улутубуздун үнүн кунт коюп угам жана өлкөнү ар бир жапон жаранынын көз карашын эске алуу менен башкарам. Мен жаңы доордун пайдубалын түптөйм. Буга бүтүндөй өлкө көмөктөшсө, мыкты болот", - деди Кисида.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолор 64 жаштагы Кисиданын партиясы парламентте көпчүлүктөн ажырашы мүмкүндүгүн каңкуулап жаткан. 31-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын улай Жапониядагы биржаларда өсүш байкалды.

Кисидага чейинки премьер-министр Ёсихидэ Суга пандемия шартында уюштурулган Токио олимпиадасынан кийин элдин бийликтеги партияга болгон ишеними төмөндөгөндөн көп өтпөй кызматтан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG