Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Сот Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карайт


Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арызын БШКга тапшырууда. 12-сентябрь, 2021-жыл.
Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арызын БШКга тапшырууда. 12-сентябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

Тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган. Буга байланыштуу адвокат анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жолдогон. Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирүүдө.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айткан. Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов шайлоо мыйзамына ылайык, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин эске салып, шайлоо комиссиясы Жээнбековдун маселесин өзүнчө талкуулай турганын билдирген.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакта. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен бирге "Альфа" кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт башаламандыкты, бийликти күч менен басып алууга далалат жасоо сыяктуу жети берене боюнча айыпталып жатат.

Жээнбеков 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин үй камагына чыгарылган. Мындан соң президенттикке талапкер катары катышкан. Бирок быйыл август айында үй камактын шартын бузду деген негизде кайрадан камакка алынган. Равшан Жээнбеков өзүнө карата кылмыш ишин саясий куугунтук катары атап келет. КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG