Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Грузиядагы шайлоодо оппозиция жеңилди


Грузиядагы шайлоо.
Грузиядагы шайлоо.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасында башкаруучу партиянын талапкерлери жеңишке жеткенин жарыялады. Грузин оппозициясы бийлик шайлоону бурмалады деген негизде анын жыйынтыгын тааныбады.

Беш ири шаарда – Тбилиси, Батуми, Рустави, Поти жана Кутаисиде мэрлер “Грузин кыялы” партиясынан болот.

Тбилисидеги мэр шайлоодо аталган партиянын талапкери Каха Каладзе 55,5% добуш менен утуп чыкты. Оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдан" ат салышкан Никанор Мелия 44,5% алды.

Ишембиде Грузиянын өзүн-өзү башкарган беш шаарында жана 15 жергиликтүү кеңеште шайлоонун экинчи туру өттү. 2011-жылы миллиардер Бидзина Иванишвили негиздеген бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы менен мурдагы президент Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын демилгеси менен түзүлгөн "Бириккен оппозиция" негизги атаандаштар болушту.

Украинадан мекенине келгенден бир нече күндөн кийин 1-октябрдын кечинде камакка алынган экс-президент Саакашвили өзүн бошотууну талап кылып, дээрлик бир айдан бери ачкачылык жарыялап жатат.

Добуш берүүнүн алдында мурдагы мамлекет башчы мекендештерине кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG