Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Өзбекстанда элди мажбурлап пахта тердирген беш жетекчи жазаланды


Өзбекстанда пахта терген кыз-келиндер. Сүрөт кайсы учурда тартылганы белгисиз.
Өзбекстанда пахта терген кыз-келиндер. Сүрөт кайсы учурда тартылганы белгисиз.

Өзбекстанда жарандарды пахта теримге мажбурлап иштеткени үчүн беш аткаминер жоопко тартылды. Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги кабарлагандай, аларга административдик жаза колдонулуп, айыппул салынды. Бирок жазалангандар кайсы кызматта иштегени, кайсы аймактан экени айтылган эмес.

Мамлекеттик эмгек инспекциясына пахта терими мезгилинде мажбурлап талаага чыгарууга байланышкан 128 даттануу түшкөн.

Дүйнөдөгү эң көп пахта өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Өзбекстанда мажбурлап иштетүүнү токототуу үчүн эл аралык коомчулук Ислам Каримовдун президенттигинин тушунда бир канча жолу кайрылган.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2018-жылы өлкөдө студенттерди жана бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап ишке салууну азайтууга буйрук берген.

XS
SM
MD
LG