Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

СССР доорунун белгилүү диктору Игорь Кириллов көз жумду


Игорь Кириллов.
Игорь Кириллов.

СССР доорунун белгилүү диктору Игорь Кириллов 90 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын "Биринчи каналы" кабарлады.

Сентябрда анын саламаттыгы начарлаганын "Известия" жана Рен-ТВ маалымдаган, октябрда ооруканага түшкөнү тууралуу "Интерфакс" жазган.

Кириллов 20 жылдан ашуун күн сайын "Время" маалыматтык программасынын алып баруучусу болгон. Расмий маалыматтарды, өлкө башчыларынын куттуктоолорун, кайрылууларын телерадиодо элге жеткирген, Кызыл аянттагы иш-чараларды түз эфирде чагылдырган.

"Время" көрсөтүүсүндө акыркы жолу 1989-жылы 30-декабрда чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG