Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Беларуста журналист Ивашинге чыккынчылык боюнча айып тагылды


Денис Ивашин.
Денис Ивашин.

Полиция кызматкеринин ишмердигине кийлигишкен деген айып менен камакка алынган беларустук журналист-иликтөөчү Денис Ивашинге "мамлекетке чыккынчылык" кылган деген айып тагылды. Бул тууралуу Беларус Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Гродно облусундагы башкармалыгы билдиргенин Mediazona.Belarus басылмасы жазды. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ивашин - эл аралык InformNapalm басылмасынын редактору. Быйыл 12-мартта Гродно шаарындагы батиринен кармалган. Июнь айында абакта журналисттин жүрөгү кармап калганы белгилүү болгон. Кеминде эки жолу карцерге, тагыраагы, атайын изоляцияланган камерага камалганын "Настоящее время" каналы маалымдаган.

Кармалганга чейин Минск шаарынын жанындагы санаторийде колго түшкөн орусиялык жалданма жоокерлер, Беларустун шаарларындагы демонстрацияларды таратууга катышкан украиналык "Бүркүт" атайын бөлүгүнүн мурдагы кызматкерлери жөнүндө жазып, бийликти тынч демонстранттарга карата зордук-зомбулук үчүн сынга алган.

  • 2021-жылы Беларуста бийлик ондогон журналистти камакка алып, бир нече маалымат каражаттарын жапты жана өлкөдөгү эң популярдуу онлайн басылмаларды "экстремисттик" деп жарыялады. «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жарыялаган Басма сөз эркиндигинин индексинде Беларус 180 өлкөнүн ичинен 158-орунда турат.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG