Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:17

Ысык-Көлдө концентратты мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды


Кармалган жүк.
Кармалган жүк.

Ысык-Көл облусунда тоо-кен заттарын мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды. Жүк 50 тоннадан ашарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталган. Мүшөккө салынган химиялык заттар 29-октябрда оор жүк ташуучу автоунааларга жүктөлүп баратканда колго түшүрүлгөн.

Жүктүн документтеринде жасалма белгилер аныкталып, автоунаалар УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын аймагына киргизилди.

Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, зыянды тактоо, кен иштетүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү иши жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG