Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Түндүк Македония: оппозиция чукул парламенттик шайлоо өткөрүүгө үндөдү


Оппозициядагы ВМРО-ДПМНЕ партиясынын лидери Христиан Мицкоски.
Оппозициядагы ВМРО-ДПМНЕ партиясынын лидери Христиан Мицкоски.

Түндүк Македониядагы бир нече шаарда өткөн мэр шайлоону улай оппозициядагы "Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясынын" (ВМРО-ДПМНЕ) лидери Христиан Мицкоски бийликти мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал өз партиясы жекшембидеги шайлоолордо ишенимдүү жеңишке жеткенин айтты.

"Бийликтеги партия эми легитимдүү болбой калды. Бул жаңы реалдуулук. Азыр эң жакшы жол - бул чукул шайлоо", - деди Мицкоски.

31-октябрда 44 шаар жана муниципалитетте мэр шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Шайлоонун толук расмий жыйынтыгы 1-ноябрда жарыяланганы турат.

Бирок баш калаа Скопьеде учурдагы мэр, бийликтеги "Македониянын социал-демократиялык биримдиги" (СДСМ) партиясынын талапкери Петре Шилегов жеңилип, оппозициядагы партиянын (ВМРО-ДПМНЕ) талапкери Данела Арсовска жеңишке жеткени белгилүү болду.

Ошондой эле, бийликтеги партия дагы бир катар шаарларда оппозицияга утулганы кабарланып жатат. Өз партиясынын начар көрсөткүчүн улай премьер-министр Зоран Заев кызматтан кетерин жарыялады. Бирок ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө зарылчылык жок экенин айтты.

Мэр шайлоонун биринчи турунда оппозициядагы "Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясынын" талапкерлери 21 муниципалитетте алдыга чыкса, бийликтеги "Македониянын социал-демократиялык биримдиги" тогуз аймакта гана марага биринчи келген болчу. 2017-жылдагы жергиликтүү шайлоодо бийликтеги партиянын талапкерлери 57 шаардагы мэр шайлоодо жеңип чыккан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG