Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин майрамы белгиленет


Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын ачылышында маданият ишмерлери кызыл килемден өтүп, “Кыргыз маданиятынын залкарлары” аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Андан кийин концерттик программа болот.

Кыргызстанда 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда драматург Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Маданият ишмерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 20 театр иштейт. Маданият тармагында 12 миңдей адам эмгектенет.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары тармак өтө кыйын абалга кептелип, соңку жылдары гана оңоло баштаганы айтылып келет Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG