Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Мыйзамсыз атылган бугуну союп жаткандар кармалды


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тараткан сүрөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тараткан сүрөт.

Аксыдагы Сары-Челек биосфералык коругундагы мыйзамсыз атылган бугуну жиликтеп жаткан төрт киши кармалды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги беш жаштагы бугу экенин маалымдады.

Тинтүүдө ок атуучу курал табылбаган эмес, бирок жаныбардын териси жана эти далил буюм катары алынды. Учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Марал – Борбор Азияда жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Ал Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген. Маралды аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Эгерде ал кайтарылган корукта атылганы аныкталса, айып пул эки эсе көтөрүлөт.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан 20дан ашуун бугу-маралдын тогузу 2019-жылы июнь айында Аксы районуна караштуу Авлетим коругуна көчүрүлгөн.

Бугу-маралдарды көчүрүү иши «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун алкагында, 2015-жылы актер Леонардо Ди Каприонун фондунун каржылоосу менен башталган. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 427 баш бугу-марал бар. Алар негизинен Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG