Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Казакстанда кан жолдордо жүрүү үчүн акы киргизилди


Айдоочулар жолдо жүрүү акысын киргизүүгө каршы акция уюштурушкан. Түркстан, 30-май, 2021-жыл
Айдоочулар жолдо жүрүү акысын киргизүүгө каршы акция уюштурушкан. Түркстан, 30-май, 2021-жыл

1-ноябрдан тарта Казакстанда республикалык маанидеги 7 кан жолдо жүрүү үчүн акы алына баштады. Эң кымбат тариф жүк ташыган машинелер үчүн белгиленген. Мисалы Нур-Султан - Павлодар жолу менен жүрүүгө жеңил машиненин айдоочулары бир доллардай төлөсө, оор машинелерден 20 доллар алышат. Бекер жол менен айдоо мүмкүнчүлүгү берилген эмес.

Президент Касым-Жомарт Токаев акы төлөө дүйнөлүк практика экенин, бюджеттин гана эсебинен жол куруу мүмкүн эместигин айтып, Казакстан транзиттен акча табышы керектигин кошумчалаган.

Айдоочулар чогултулган каражат максаттуу колдонуларынан күмөн санашат. Оор машинелердин айдоочулары жолдордун сапатына даттанып, быйыл жайында акы алуу планына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Жүк ташуу секторунда кошуна өлкөдө автомашинелер биринчи орунда турат.

Дүйшөмбү күнү айрым жолдордо акы төлөөчү терминалдар даяр эмес болуп чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG