Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Украин Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер чек арага тартылбаганын билдирди


Орус аскерлеринин Украина менен чек арага топтолушу. 10-апрель 2021-жыл
Орус аскерлеринин Украина менен чек арага топтолушу. 10-апрель 2021-жыл

Украинанын Коргоо министрлиги чалгындоо бөлүмүнүн 1-ноябрдагы маалыматына таянып, орусиялык аскердик бөлүктөрдүн украин чек ара аймагына дислокациясы катталбаганын билдирди. 31-октябрда The Washington Post гезити орусиялык аскерлер менен техника кошуна өлкө менен чек арага көздөй тартылып жатканын жазган.

Америкалык басылма кабарлагандай, АКШ жана Еврошаркет расмий билдирүү жасай элек, бирок өкүлдөрү апрелдегидей кырдаал түзүлгөнүн баса белгилешүүдө. Жазында Вашингтон жана өнөктөштөрү аннексияланган Крым менен Украина менен чек арада орусиялык аскерлердин топтолушуна тынчсыздануусун билдиришкен.

Киев Орусия куралдуу күчтөрүнүн украин багытына тартылышы тууралуу маалыматтарды психологиялык аракеттердин бир бөлүгү деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG