Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

COVID-19: Орусияда бир суткада көз жумгандар кайрадан жогорку чекке жетти


Орусиядагы оорукана
Орусиядагы оорукана

Орусияда бир суткада COVID-19 оорусунан көз жумган адамдардын саны кайрадан жогорку чекке жетти.

2-ноябрда өлкөнүн коронавирус менен күрөшүү штабы алдыңкы 24 саатта 1 миң 178 киши каза болгонун, инфекция 39 миңден көп кишиден аныкталганын билдирди. Баш калаа Москвада эле бир күндө 6 миңге чукул киши инфекцияны жугузуп алган.

Вирус орус бийлиги карантин, чектөөчү чараларды киргизгенине карабай жайылып жатат. 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жума эс алуу күндөрү деп жарыяланган.

Пандемия башталгандан бери 146 миллиондуу өлкөдө 8,5 миллион киши COVID-19га кабылды. Өлгөндөрдүн саны 241 миң кишиге жетип, бул жагынан дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турат.

Бирок штаб түздөн түз вирустан көз жумгандарды эске алса, Росстат - статистика агенттиги санактарын кеңири критерий менен жүргүзөт. Алардын 29-октябрдагы маалыматына ылайык, каза тапкандар сентябрда 462 миңдин тегерегинде болгон.

Адистер Орусияда эмдөө солгун жүрүп жатканын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG