Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Жеңиш Молдокматов кызынын телефону да тыңшоого алынганын билдирди


Жеңиш Молдокматов. Архив.
Жеңиш Молдокматов. Архив.

Октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов жубайынын жана 11 жаштагы кызынын телефону тыңшоого алынганын айтты.

Ал 2-ноябрда 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу кезектеги сот отурумунда сүйлөп, муну күч кызматкерлеринен укканын билдирди:

"Төрт күн мурун түндө мен жаткан камерада тинтүү болду. Эч нерсе таба алышкан жок. Мага алар ачык айтышты, аялыңдын, балдарыңдын телефону тыңшоого алынган дешти. Менин атыман кызымдын телефонуна билдирүү жөнөтүлүптүр. Менин 11 жаштагы кызымдын телефонун тыңшоону саясий кысым жана кыйноодон башка эмне деп айтса болот? Бийликке кайрылам, менин үй-бүлөмдүн, балдарымдын коопсуздугу коркунучта".

Молдокматов жана анын тарапташтары абакта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тинтүү кылышканын айтышты. Атайын кызматтын өкүлдөрү муну чагым деп сыпатташууда.

Жаза аткаруу кызматы, укук коргоо органдары жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Молдокматовдон абакта басымга байланыштуу эч кандай арыз түшпөгөнүн маалымдашкан.

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ушул жылдын 6-майында камакка алынган. Ал муну саясий куугунтук деп атаган.

Ички иштер министрлиги саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылганын билдирген. Кийин бул берене өзгөртүлүп, "Октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлуп, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Ачкачылык кармап токтоткон Молдокматов ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган.

Кезектеги сот отуруму 23-ноябрда болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG