Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Жапырт ууланууга балык себеп экени аныкталды


Суши даярдоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Суши даярдоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

"Империя пиццы" кафесиндеги тамактан ууланууга лосось балыгындагы "сальмонелла" бактериясы себеп экени белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммад Мурзашев "Азаттыкка" билдирди.

"Уулануу катталгандан кийин биз "Империя пиццы" кафесинин бардык тамактануучу түйүндөрүнүн ишин токтотуп, андагы азык-түлүктөрдүн үлгүлөрүн лабораториялык иликтөөгө алганбыз. Натыйжада лосось балыгынан ичеги ооруларын козгоочу "сальмонелла" бактериясы аныкталды".

"Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегенден кийин өздөрүн жаман сезген адамдар 22-23-24-октябрдан тартып, Бишкектеги бейтапканаларга кайрыла башташкан. Жалпысынан ооруканаларга 318 адам кайрылган. Алардын 40тан ашыгы балдар. Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафенин бардык түйүндөрүн убактылуу жапкан. Азык-түлүк лабораториялык изилдөөгө алынган.

30-октябрдан тартып кафе кайрадан ишке киришкени айтылды.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борбору кафенин төрт тамактануу түйүнүнө "санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузганы үчүн" жалпы 36 миң сомдук айыппул салды.

“Империя пиццы” кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкек шаардык милициясы “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул окуядан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG