Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

БШК Министрлер кабинетинен Кудрет Тайчабаровго чара көрүүнү суранды


Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго чара көрүүнү сурап, Министрлер кабинетине кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, Тайчабаров шайлоого талапкер болуп аттанган бир тууган карындашына төрт сап ыр арнап, анын парламентке келишин каалап 24-октябрда "Фейсбукка" пост жазган. Аны БШКнын адистери соцтармакка мониторинг жасаганда байкаган . Бул көрүнүш мамлекеттик кызмат жетекчисинин шайлоого аралашканы катары сыпатталууда.

Кудрет Тайчабаров "Фейсбукка" ушундай пост жазганын "Азаттыкка" бышыктады. Бирок анда үгүт жоктугун, БШКнын позициясы түшүнүксүз экенин билдирди. Тайчабаров мамлекеттик кызматкер эместигин, "Бишкек" эркин экономикалык аймагына бюджеттен айлык берилбей турганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айткан.

Ушундай жүйө менен Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматтан алынган. БШКнын өкүлү Исфана шаарынын акиминин үстүнөн да арыз бар экенин билдирди.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG