Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Economist: Талас облусу дотациядагы аймактардын категориясынан чыкты


Таластагы "Манас ордо" комплекси. Иллюстрация
Таластагы "Манас ордо" комплекси. Иллюстрация

2021-жылдын башынан бери Талас облусунда салык жана башка кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүп, 2 миллиард 120 миллион сомго жетти.

Бул рекорддук көрсөткүч экенин, аймактын кирешесинин мындай олуттуу өсүшү Жерүй кенинин ишке киришинин эсебинен камсыз болгонун Economist.kg басылмасы жазды. Мындан улам дээрлик дайыма дотацияда отурган Талас облусу салык жана башка төлөмдөр боюнча республика боюнча 9-орундан тез арада 6-орунга көтөрүлдү. Көрсөткүч жети облус жана Бишкек жана Ош шаарларынын негизинде түзүлгөн.

Кенди иштетип жаткан "Альянс Алтын" ишканасы аймактын бардык кирешесинин дээрлик үчтөн экисин камсыздайт.

Маалымат сайтында жазылгандай, Жерүйдүн туруктуу иштеши менен келечекте республикалык жана жергиликтүү бюджетке жыл сайын 4 миллиард сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт. Мунун арты менен Талас облусу Кыргызстандын кирешелүү аймактарынын тизмесинде төртүнчү сапка чыгат.

Буга чейин акыркы орунда болгон Талас облусу Нарындан, Баткенден, ошондой эле республиканын экономикалык ири аймактарынан бири — Ысык-Көл облусунан озуп кетти.

Азыр облустун жергиликтүү жана республикалык бюджеттерин толуктаган кирешелери Ош шаарынын көрсөткүчүнө жакындады. Ошол эле учурда, жыл аягына чейин андан да өтүп, Кыргызстандын ТОП-5 кирешелүү аймактарына кириши божомолдонууда.

Азырынча, өкмөттөн бул жаатта расмий маалымат жок.

Жерүй - Кыргызстандагы Кумтөрдөн кийинки экинчи ири алтын кени. 1969-жылы ачылган. Геологиялык чалгындоо иштеринин баштапкы маалыматтарына караганда, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннага жакын күмүш бар.

2015-жылы тендердин жыйынтыгында кенди иштетүү укугуна лицензия орусиялык "Платина" корпорациясынын курамына кирген "Восток-Геолдобыча" компаниясына 100 миллион долларга берилген. Ишти анын туунду компаниясы "Альянс Алтын" жүргүзүүдө. Бул ишкананын лицензиясы 2035-жылга чейин жарактуу.

Быйыл 17-мартта Кыргызстан менен Орусиянын президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Талас алтын кен комбинатын ишке киргизүү аземине катышышкан. Анда Жерүйдөн Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрү жылына болжол менен 70 миллион долларды түзөрү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG