Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

УКМК коррупцияга шектүү талапкерди кылмыш жообуна тартууну өтүнүүдө


Замирбек Тургунбаев.
Замирбек Тургунбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Замирбек Тургунбаевди жоопкерчиликке тартууга макулдук сурап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. БШК бул кайрылууну 1-ноябрдагы отурумунда карады.

Жыйындагы маалыматка ылайык, талапкер Тургунбаевдин үстүнөн сотко чейинки өндүрүшкө алынган төрт иш бирдиктүү реестрге катталган.

УКМК алардын ичинен бир иш боюнча талапкердин күнөөсү далилденгенин, тергөө аяктап, иш сотко ашырылуу алдында турганын маалымдаган. Ага ылайык, тергөө иши Тургунбаевдин ден соолугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Бул маселени караган БШКнын алдындагы жумушчу топ тергөө токтоп турганына байланыштуу, атайын кызматтын өтүнүчүн четке каккан чечим чыгарган. Боршайком толук курамы менен жумушчу топтун чечимин кубаттады.

Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан 6-январда кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. Ал Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна кеткен 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөн, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген деп айыпталган. 11-январда үй камагына чыгарылган.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Тургунбаев "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан.

Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу базарынын эсебинен Кыргызстандагы эң бай деп эсептелген беш айыл өкмөттүн бири болуп саналат. Айыл өкмөттүн казынасы 100 миллион сомдон ашык болгонуна карабай, айылда таза суу, жол, электр, канализация, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык маселелер чечилбей келатканын журналисттер жазышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG