Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Карыздан кутулган музейдин качан ачылары белгисиз


Улуттук тарых музейи.

Бишкектеги Улуттук тарых музейин кыргыз өкмөтү быйыл ачууну убада кылган.

Тарых музейи быйыл ноябрь айында ачыларын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова 16-сентябрдагы маалымат жыйында айткан.

“Азаттык” Аманова менен байланышканда, ал музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылганын билдирди. Министрдин орун басары маданий жайдын ачылышынын кечигип жатышын немис компаниясына байланыштырды.

Салтанат Аманова.
Салтанат Аманова.

"Тарых музейин ачканга биз даярбыз, экспозициясы даяр. Бирок кечигип жатканыбыздын себеби, музейди немис компаниясы жасалгалагандыктан, алардын адистерин күтүп жатабыз. Ал жерде электрондук медиастанциялар, IT технология менен иштетиле турган жаңы жабдыктар бар. Мына ошолордун бардыгын немис тарап иштетип, текшерип, анан бизге өткөрүп бериши керек. Август айына келгиле деп сурандык эле келе алышкан жок. Анткени эл аралык долбоорлор менен иштеген инженерлердин иш графиги да ар кандай болуп жатат. Эми ноябрдын аяк ченинде келсе, биз булар менен бир ай иштешип, анан музейди ачабыз. Бирок алар канча убакыт текшерип, анан өткөрүп берет, качан келип-кетишет азыр так айта албайбыз".

Улуттук тарых музейинин ачылбай жатканынын себебин 20-сентябрда парламенттеги жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев айтып чыккан.

Бөрүбаев музей германиялык адистерге 225 миң евро карыз болгонунан улам ачылышы кечигип жатканын билдирген. Ал өз сөзүндө “Акча төлөнмөйүнчө немис тарап биз менен сүйлөшпөй жатат" деп билдирген.

Келишим боюнча акы толук төлөнгөндөн кийин немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизмек.

Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

1-ноябрда тарых музейи береседен толугу менен кутулганын мекеменин директору Гүлбара Абдыкалыкова "Азаттыкка" кабарлады.

"Немис тарапка карыз болгон музейдин акчасы октябрдын орто ченинде толук төлөндү. Болгону учурда алар менен сүйлөшүү жүрүүдө. Алардын тарых музейин оңдоодон өткөргөн адистерин күтүп турабыз. Музейдин ачылуу аземин да азыр ошол себептен так айта албайбыз. Биз аларды бир убакытка алып келүү аракетинин үстүндө иштеп жатабыз".

Абдыкалыкова беш жылдан ашык убакыттан бери оңдолуп-түзөлүп жаткан музейде бир топ өзгөрүүлөр болгонун кошумчалады.

"Негизи туруктуу көргөзмөдө өлкөбүздүн байыркы таш доорунан баштап эгемендик дооруна чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары бар. Анан албетте, жаңылануудан кийин жаны мултимедиалык каражаттар колдонулду. Азыр башка жаңыланууларды толук айтпай туралы, ачылышында көрүүчүлөргө жаңылык болсун".


Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жакшыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шек саналган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

7-декабрда Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов тарых музейинин ачылбай турушу менен кыргыз жерине келген туристтерге улуттун жүзүн жетиштүү деңгээлде тааныта албай жатабыз деген жүйө келтирди.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

"Иштебей турганына өтө көп убакыт болуп кетти. Музейдин ичин дүйнөлүк стандартка ылайык оңдоп-түзөө аракеттери болгон. Бирок ошол иштер аягына чыкпай кечигип жатат. Бул президенттердин алмашканына байланыштуу да болуп жатат. Музей иштебей турганы үчүн биздин өлкөгө саякаттап келген конокторго өз тарыхыбызды жакшылап тааныштыра албай жатабыз. Анан да өзүбүздүн эле жаш муунга музейдин жабык турганы терс таасир берип жатат. Эртерээк ачылса, алар өз көзү менен көрүп, тарыхка болгон кызыгуулары артып, тарыхты билүүгө болгон умтулуусу жакшырмак да".

Ошо менен катар Молдокасымов мурдагы музей кызматкерлери оңдоп-түзөө учурларында көп мүчүлүштүк кетирип, көп буюм-тайымдар дайынсыз жоголгондуктан жоопкерчилик алуудан качып жатышат деген пикирде.

Искусство изилдөөчү Бакыт Болгомбаев оңдоп-түзөө иштери болгондо жалпы кыргызстандыктар баалуулукту жаңыртып жатканына төбөсү көккө жете кубангандыгын, бирок кийинчерээк музейдин оңдолушу саясий оюн талаасына айланып кейиштүү абалга кептелди дейт.

Бакыт Болгомбаев.
Бакыт Болгомбаев.

"Тарых музейи - кыргыз элинин байыркылыгын аныктаган маанилүү жай. Биз бул музей менен элибиздин ким экендигин башкаларга аныктайбыз. Анын жабык турушу жаран катары жүрөктү оорутпай койбойт. Оңдолуп жатканда жакшы жышаан катары кабыл алганбыз. Бирок кийин саясаттын курмандыгы болуп кетти. Эми ага карабастан кандайдыр бир мамлекеттик комиссия түзүп же болбосо коомчулуктун талабы, көмөгү менен музейди эртерээк ачуу аракетин кылышыбыз керек".

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары борбор калаадагы М. В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн. Улуттук маданият музейи 1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган.

1973-жылдын 28-декабрында музейдин тарыхында кызыктуу жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган. 3500 чарчы/метр аянтты ээлеген 45 залга Кыргыз Республикасынын байыркы палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 миң түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбордук Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG