Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Тарых музейин ноябрда ачуу пландалууда


Улуттук тарых музейи. (Архивдик фото)
Улуттук тарых музейи. (Архивдик фото)

Бишкектеги Улуттук тарых музейин ушул жылдын ноябрь айында ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу 16-сентябрдагы маалымат жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди. Анын айтымында, музейди ачуу маселеси германиялык адистер менен сүйлөшүлүп жатат.

"Мамлекеттик тарых музейин ачуу бир тараптуу маселе эмес. Германиялык адистер менен сүйлөшүү жүрүп жатат. IT, экспозиция боюнча адистер чакырылган. Ошолор менен биргеликте иш жүргүзүлүп, ачылат. Биз музейди ноябрь айына ачууну пландап жатабыз. Анын ичиндеги экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек”,-деди Аманова.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев тарых музейин оңдоп-түзөгөн германиялык компанияга Кыргызстан 200 миңден ашык евро карыз экенин билдирген. Айрым жерлери оңдолгондон кийин музей өлкө эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай, ушул жылдын 31-августуна чейин ачыларын айткан.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Бирок музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Музейди оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Кийин Бишкек шаардык соту Улуттук тарых музейи жана ипподром иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Былтыр 7-декабрда Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын чыгарган өкүмүн жокко чыгарган. ИштиБишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG