Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

АКШ, Британия жана Австралия коопсуздук тармагында жаңы альянс түзүштү


Чыгыш Кытай деңизи. Иллюстрациялык сүрөт
Чыгыш Кытай деңизи. Иллюстрациялык сүрөт

АКШ, Британия жана Австралия коопсуздук тармагындагы жаңы өнөктөштүк тууралуу жарыялашты.

15-сентябрда америкалык президент Жо Байден, британ премьер-министри Борис Жонсон жана Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон AUKUS деп аталган альянс түзүлгөнүн билдиришти. Өнөктөштүктүн алкагында Австралия суу астында сүзүүчү атомдук кемелер менен камсыздалмакчы. Бирок ядролук технологиялар курал жасоо үчүн эмес, флотко жумшалат деп белгилешти. Андан тышкары жасалма интеллект, кибер мейкиндик жана башка тармактарда кызматташуу каралган.

Билдирүүдө Кытай тараптан жаралган коркунуч тууралуу айтылбаганы менен Бээжин жаңы альянсты провокациялык кадам деп баалашы мүмкүн. Кытайдын ал мамлекеттер менен мамилелери Шинжаңдагы куугунтуктоо, Гонконгдун макамы, адам укуктарынын абалы өңдүү бир катар маселелерден улам чыңалган бойдон калууда. Бээжиндин Тайванга аскердик кысым көрсөтүүсү да Батышты тынчсыздандырууда.

Кытайдын Вашингтондогу элчилиги «өлкөлөр үчүнчү тарапка же алардын кызыкчылыктарына каршы багытталган чектөөчү блокторду түзбөөгө, “кансыз согуш” доорундагы менталитеттен, идеологиялык жаңылыш ой-жүгүртүүдөн арылууга тийиш» деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG