Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Өкмөт кышка даярдыкты талкуулады


Бишкек жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 16-сентябрда кышка даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматын уккан соң, өкмөт башчы суук түшкүчө бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүнү талап кылды.

Марипов жетекчилерден эң башкы көңүлдү бала бакча, мектеп, оорукана жана башка социалдык мекемелерди жылытууга буруу керектигин, мындан тышкары элди көмүр менен камсыздоо да башкы орунда экенин эскертти.

Ошондой эле, элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Токтогул ГЭСинде оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгарып, сырттан импорттолуучу электр энергиясы үчүн каржыны кечиктирбөөнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук электр борборлорун мазут, көмүр менен убагында камсыздоону тапшырып, электр энергиясын ашыра жакпоонун зарылчылыгын элге түшүндүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG