Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү


ЖККУ саммитинин катышуучулары. Дүйшөмбү. Тажикстан. 16-сентябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) жыйынында сүйлөгөндө кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга көңүл бурууга чакырды.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет. Өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат".

Жапаров аймактагы абалды эске алуу менен ЖККУнун ичинде бир мамлекет экинчисине кол салса, уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

Жапаров ошондой эле кыргыз тарап уюмдун ишмердүүлүгүн илгерилетүү максатында өнөктөштөр менен бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин кошумчалады.

16-сентябрда Дүйшөмбүдө ЖККУнун президенттеринин саммити өтүп жатат. 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин президенттери жыйын курат. Мамлекет башчылар эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку кырдаал.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG