Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Токтогул суу сактагычындагы суу азаюуда


"Датка-Кемин" линиясында оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан адистер. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" линиясында оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан адистер. Иллюстрациялык сүрөт.

2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд. куб метрге чейин төмөндөдү. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, акыркы бир ай ичинде башкы чөйчөктөгү суунун көлөмү 385,72 млн. куб метрге азайды.

Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан өлкөдө энергетикалык каатчылык күтүлүп жатканын энергетиктер эскертип келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу белгиленген лимиттен орто эсеп менен 500 млн. кВт/саат ашыкча сарптап жатканы расмий кабарланды.

Токтогул суу сактагычындагы суу орто эсеп менен 8 млрд. куб метрге чейин төмөндөсө, Токтогул ГЭСинин иши токтойт.

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард КвТ/саатты түзөт. Аны толтуруу үчүн Кыргызстан учурда Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан электр энергиясын алууда.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык өндүрүш үчүн баалар кымбаттады.

Ал эми калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG