Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Жапырт уулануу боюнча кылмыш иши козголду  


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Империя пиццы” кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шаардык милициядан билдиргендей, “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.

“Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланган адамдар боюнча тийиштүү маалыматтарды Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда Бишкек ШИИБине жана шаардык прокуратурага бергени маалым болду.

Аталган кафенин тамагына ууланганын айтып, Бишкектеги ооруканаларга кайрылгандардын саны 29-октябрда 318ге жетти. Уулангандардын ичинен кыркка жакыны балдар.

Уулангандар 22-23-24-октябрь күндөрү "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафени убактылуу жапкан. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG