Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Иранда аялдарга футбол стадиондоруна кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн


ФИФАнын басымы менен 2019-жылы бийлик Тегерандагы "Азади" стадионуна 4000дей аялга кирүүгө уруксат берген. 10-октябрь, 2019-жыл.
ФИФАнын басымы менен 2019-жылы бийлик Тегерандагы "Азади" стадионуна 4000дей аялга кирүүгө уруксат берген. 10-октябрь, 2019-жыл.

Иран парламенти жакын арада аялдарды футбол стадиондоруна киргизүү боюнча чечим кабыл алат. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) соңку жылдары расмий Тегерандан аялдарды стадионго киргизүүнү талап кылып келген. Бул өлкөдө акыркы кырк жылдан бери аялдар стадиондон футбол көрө алышпайт.

"Иран футбол федерациясы мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Эгер ал жактырылса аялдар футбол стадиондоруна жакын арада кирип калышы мүмкүн", - деди Иран футбол федерациясынын жетекчиси Хасан Камранифар жергиликтүү медиага.

Ашыкча динчилдер аялдардын эркектер менен кошо стадиондорго киришине каршылыгын билдирип келет.

ФИФАнын басымы менен 2019-жылы бийлик Тегерандагы "Азади" стадионуна 4000дей аялга кирүүгө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG