Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Ири суммага алданып, куугунтукка кабылганын айткандардын акциясы уланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ири суммада акчасын алдырганын жана арызданганы үчүн жакындары мыйзамсыз камоого кабылып жатканын айткандар тобу бүгүн 29-октябрда да Бишкекте нааразылык акциясын улантышты.

Алар президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында пикет уюштуруп, мамлекет башчысы Садыр Жапаровго үч пункттан турган кайрылуу жөнөтүштү.

Алдамчылыкка шектүү Асыл Талипованы камакка алган Октябрь райондук милициясынын башчысы, азыр өзү камакта отурган Улан Аалиевдин бир тууганы Гүлзат Аалиева ага каршы жасалма арыз жаздыруу аракети жүрүп жатканын билдирип, президентке жолдогон кайрылуудагы талаптар тууралуу айтып берди:

“Биринчи пункт – полковник Аалиевди жана аны менен кошо камалган жабыркоочуларды үй камагына чыгарып берүү. Экинчиси – Аалиевге каршы көрсөтмө бердиртип жаткан тергөөчүлөрдүн ишин жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз деген талап. Үчүнчүсү – Талипованын өзүн каматуу. Жакында эле блогер Гүлзат Мамытбек кармалды. Ал деле жалгыз бой эне, кичине балдарын өзү багат. Аны 110 миң доллар үчүн камашты, а бул жерде 2 миллион доллар алган аялды эркиндикке чыгарып, мамлекеттик коргоого алып коюшту”.

Талиповага алданганын жана ага каршы арыз жазганы үчүн, аны кармаганы үчүн куугунтугуна кабылганын айткандардын жакындары, жалпысынан отуз чакты адам алгачкы акциясын 28-октябрда өткөргөн.

Алар “Азаттыкка” айтып бергендей, Асыл Талипова деген аял менен машине жана башка буюм алып-сатып, аралашып калышкан. Кийин карыздарын төлөбөй койгону үчүн ага каршы арыз жазышкан. Бишкектин Октябрь райондук милициясы иш козгоп, Талипованы камакка алган. Бирок кийин ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө боюнча башкы башкармалыгы өзүнө алып, Талипова үй камагына чыгарылган, ал эми “акчасын сурап барган 23 кишинин экөөнү ал “акча опузалап жатат” деп каматып койгон”.

Талипованын адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн. Ал алты баланын энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген. Эртеси күнү аял үй камагына чыгарылган.

Ошол эле күнү Талипованы камакка алган Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев жана дагы эки кызматкер "Талипованы кыйноого алды" деген шек менен кармалганы кабарланган.

Расмий органдар акциянын талаптары боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG