Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

IRI: Кыргызстандыктар шайлоодо талапкердин билимине басым жасайт


2020-жылдын 4-октябрында өткөн жана жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн жана жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстандыктар саясий партияларды жана талапкерлерди тандоодо чечимине таасир этүүчү фактор катары "билими жана сабаттуулугун" аташкан. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунда айтылат.

Сурамжылоого катышкандардын 30% билимине жана сабаты маанилүү деп жооп берсе, 30% партияны жана талапкерди тандоодо адилеттүүлүк, абийирдүүлүк сапаттарына басым жасаган.

29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG