Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

“Суук контейнерде кыштайбыз": Селден кийинки көйгөй


Селден кийин үйү жараксыз болгон сегиз үй-бүлө жашап жаткан контейнерлер
Селден кийин үйү жараксыз болгон сегиз үй-бүлө жашап жаткан контейнерлер

Сузактагы селден үйсүз калган 44 бүлөнүн сегизи контейнерде жашап жатат. Алардын ичинде жаш балдар менен кош бойлуу аялдар бар.

Быйыл июль айында Сузактын Кара-Дарыя айыл аймагындагы 500дөй үйдү адырдан келген сел каптап, бир жаран каза тапкан. Тилсиз жоодон 44 үй кооптуу деп табылып, жашоочулар жайы менен чатырларда жашады.

Кош бойлуу Гүлшайыр Нарынбаева быйыл төрт баласы менен темир контейнерде кыштаганы жатат. 20-июлда Чаңгыр-Таш айылын каптаган селден анын үйү бузулган. Буга чейин алар ар кайсыл жакта көчүп-конуп жашап келишкенин кеп салды.

Тургундар жашап жаткан контейнердин ичи
Тургундар жашап жаткан контейнердин ичи

“Ушул айда көз жарам, суук контейнерде жашаганга аргасыз болуп жатам. Үйүбүздө жашаганга болбой калган. Эми өкмөт берген акчага үй эмес балдарыма кийим, көмүр жана тамак-аш алсам деп турам. Бул жер суук болот экен”.

Селден кийин жараксыз деп табылган 44 үйдүн арасында Улукбек Дастановдун турак жайы бар. Анын аялы көз жаргандыктан туугандарына көчүп барууга аргасыз болгон.

Контейнер үйдөгү жашоо.
Контейнер үйдөгү жашоо.

“Менин үйүм да жараксыз деп табылган. Үч айдан бери элден келген жардамдан башка эч нерсе жок. Өкмөт болсо чатыр менен контейнерден башка эч нерсе бере албады. Күн суукта мага берген контейнерде жашай албай койдук”.

Сел 108 үйгө кирип, анын 44үн жарактан чыгарган. Дагы 20 үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Өкмөт жараксыз үйлөрдүн ээлерине 150 миң сомдон акча бөлө турган болгон. Азырынча ал каражат колго тийе элек. Кара-Дарыя айыл аймагынын башчысы Нурбек Караев турак жай курууга жана социалдык мекемелерге деп 30 гектар жерди трансформация кылуу керектигин айтты.

Кара-Дарыя айыл аймагынын башчысы Нурбек Караев.
Кара-Дарыя айыл аймагынын башчысы Нурбек Караев.

“Министрлер кабинетинен 44 үйгө 100 миң сомдон, ал эми президенттин резервдик фондунан 50 000 сом бөлүндү. Биз эртеңден баштап жабыр тарткандарга тарата баштайбыз. Жер меселесин да чечип берсек, тургундар үй салып алышмак. Бирок турак жай курганга эч мүмкүнчүлүгү жоктор да бар. Аларды да караштырып жардам бериш керек”.

Сузактагы Чаңгыр-Таш айылын 2012-жылы да сел каптаган. 20-июлда Чаңгыр-Таш жана Достук айылдарында жүргөн селдин кесепетинен жалпы 446 үй жабыркаган, анын ичинен 108и толугу менен суу алдында калган. Катуу жааган жаандан улам сел тосмону жарып өтүп, айылды каптаган эле.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов учурда айылдын үстүндөгү эки сел тосмо 14 миллион сомго кайрадан жасалып жатканын билдирди.

Акылбек Мазарипов
Акылбек Мазарипов

“Сел тосмо 30 миң кубга ылайыкташкан экен. Эми биз 110 миң кубга ылайыкташтырып, кайрадан жаңылап жатабыз. Жалпы эки сел тосмого 14 миллион сом каралды. Иш декабрда аяктайт. Мындан кийин сел көйгөйү толук жоюлат десек болот”.

Сузак району боюнча селден келтирилген зыян 113 миллион деп эсептелген.

12-июлда Аксы районунда да сел жүрүп, сегиз киши каза тапкан. Табият кырсыгынан айылдагы жолдор жана төрт көпүрө жараксыз болуп, жалпы зыян 2 млн 220 миң сомго чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG