Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Өзгөчө кырдаал: кооптуу аймактардагы кайдыгерлик


Сузак району. Июль, 2021-жыл.
Сузак району. Июль, 2021-жыл.

Өткөн жумада селдин кесепетинен Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында 70ке жакын үй жараксыз болуп, 550дөн ашык турак жайга топон суу кирген. Ай башынан бери селден он адам каза болду. Бир топ социалдык обьектилер, жол, таза суу куурлары жабыркады. Аталган облустарда кооптуу аймактарда миңден ашык үй-бүлө жашап жатат.

19-20-июль күндөрү жаан көп жаап, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел жүрүп эки адам каза болуп, турак жайлар жана социалдык обьектилерди, жол, таза суу куурлары кум-шагылга толду. Эгин талааларын топон суу каптады. Азырынча атайын комиссия чыгымдын толук көлөмүн эсептеп чыга элек. Алдын ала эсепке ылайык, Жалал-Абад облусунда 446 үй-жай топон сууга толсо, анын 58инде жашоого болбойт деп бүтүм чыккан.

Селден жабыркаган Сузак районунун Чаңгыр-Таш айылы дээрлик толугу менен эле кооптуу аймак деп табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин алдын алуу боюнча аракет жүргөнү менен, айрым жарандар эскертүүлөргө кайдыгер карап жатканын айтты.

“Сел кесепеттерин жоюу боюнча аракеттерди жасап жатабыз. Азырынча чыгымдын суммасы так эсептелип, баалана элек. Чыгымдын көлөмү аз болуш үчүн алдын ала берилген эскертүүлөр аткарылышы керек. Мисалы, Чаңгыр-Таш айылы баары эле кооптуу. Биздин адистер облус боюнча 1245 үйдү башка жакка көчүүнү сунуштаган. Эскертүү берип, түшүндүрүү иштери менен гана чектелет экенбиз. Калган милдеттер жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Чыгымдарды төлөп берүү маселеси менен да жергиликтүү бийлик аракеттенет. Жалал-Абад облусунун аймагында кооптуу жайларда эскертүүлөргө карабай жашап жаткандар боюнча жергиликтүү бийлик сотко кайрылып, соттун чечими менен ишке ашырып жатат. Мажбурлап, коопсуз жайларга чыгарууга андан башка укугубуз жок” .

Баткен облусунда 107 үйгө сел кирген. Учурда облус боюнча 39 үй-бүлө чатырларда жашап жатышат. Сел чыгымдардын эсептеген топ жыйынтык чыгара элек. Ал эми чыгымдар жана жоопкерчилик боюнча жергиликтүү бийликте да маселе жаралып жаткандай. Баткен облус жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев көпчүлүк учурда жоопкерчилик жергиликтүү бийликке жүктөлөт дейт.

“Азыр селдин кесепети менен күрөшүп жатабыз. Канча чыгым аныкталса аны да өкмөткө сунуштайбыз. Биз компенсацияны чече албайбыз. Азыр дагы адистер коопсуз жайга көчө турган үйлөрдү сунуштап жатышат. Аны да карайбыз. Адистер айткан үй-бүлөлөр көчпөй койгондо кокустук болсо жергиликтүү бийликке маселе жаралат экен”.

Жаратылыш кырсыгынын кесепети аз болушу үчүн бардык кызматтар менен кошо эле жарандардын өздөрүнүн да жоопкерчилиги маанилүү экени айтылып келет. Баткен райондук өзгөчө кырдаладар жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Турабек Турдуевдин айтымында, милдет менен укуктун ар башка кызматта калышы жана жарандардын кайдыгер мамилеси чыгымдын көбөйүшүн шарттап жатат.

“Биздин кызмат мыйзам боюнча кооптуу аймактарда жашап жаткандарга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, эскертүү, түшүндүрүүгө укугубуз бар. Бирок маселени андан ары жөнгөрүү жергиликтүү бийликке жүктөлөт. Жарандар өзү да кайдыгер болуп жатышат. Мисалы, Газ айылында бир жаран селдин келген жолун таш менен цементтеп, тосмо куруп салыптыр. Ал жерден селдин нугу өзгөрүп кетээрин эске алган эмес. Ошонун кесепетинен жолго сел ашып кеткен. Сел жүргөн жолго тал-теректерди тигип коюшат. Кайсыл бир күнү сел келип, дарак кулап, топон суу айылды аралап кетет. Ушундай кайдыгерлик, жоопкерчиликти сезбегендиктен чыгымдар көп болуп кетүүдө”.

Элге түшүндүрүү чараларын жүргүзүү, кооптуу аймактагыларды көчүрүү сыяктуу милдеттер жүктөлгөн жергиликтүү бийлик да эки буту бир чарыкка тушалып, маселени чечүүдө кыйналып калган учурлар бар экенин айтышат. Баткен районунун Дара айыл аймагында 24 үй-бүлө коопсуз жайга көчүү үчүн 25 жыл мурда мамлекеттен жер тилке жана жөлөк пул алышкан. Бирок азырга чейин кетпей жашап жатышат. Айыл башчысы Алтынбек Мисиралиев буларга токтолду.

“Менин айыл аймакка башчы болуп келгениме бир айдан эми эле ашты. Бизге адистер кооптуу делген аймактагыларды көчүрүү боюнча сунуштарын берген экен. Аларды мажбурлап же күч менен чыгара албайбыз. Жергиликтүү бийликке тиешелүү милдеттердин баары аткарылган. Жерин да, акчасын да алышкан. Бирок чыкпай жатышат. Эми азыр укуктук кагаздарды даярдап жатабыз. Укук коргоо кызматтарына кайрылабыз. Жергиликтүү бийликке берилген ыйгарым укуктун негизинен чыга албайбыз”.

Мамлекеттен кенемте да, жер тилкесин да алып, бирок кооптуу аймактан чыкпай жашап жаткандардын бири Адылбек тобокел кылып жашап жатканынын себебин минтип түшүндүрдү:

“Биздин айылга жер көчкү коркунучуна байланыштуу башка жактан жер берилген. 25 жыл мурда жер да, ар бирине 24 миң сомдон акча да бөлүнгөн. Ал жерге балдары көчүп барып жашап жатышат. Калгандары чыгып кетели десе, башка жер жок. Жер маселеси оор болуп жатат. Тоо көчүп кетет дешкен болчу. Азыр жарылган жерлер толуп калды”.

Кыргызстанда акыркы бир ай ичинде эле сел кырсыгынан 10 адам каза болду. Суу нугунан ашып автоунаа, айдалган эгиндер, жол, суу куурлары, көпүрөлөр жарактан чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы өткөн жумада кырсык болгон аймактарды кыдырып, сел кесепеттерин жоюу жана чыгымдар үчүн мамлекеттен колдоо болорун айткан. Кооптуу аймактарда жашап жаткандарды көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмалар коюлган.

Сел бир жумада он өмүрдү жалмады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG