Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:33

Кара-Дарыядагы сел бир өмүрдү жалмады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды 20-июлда сел агызып кетти. Анын сөөгү түн жарымда табылды. "Азаттыктын" кабарчысы апаат болгон жерге барып, Чаңгыр-Таш айылында кырсыктан кийинки көрүнүштү сүрөткө тартты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, шейшембиде кечке жуук Кара-Дарыя айыл аймагында катуу жамгырдан кийин кокту-колоттон сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жеринде иштеп жатат.

Ушул күнү Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы бир нече турак үйлөрдүн короолорун да суу каптады. Кадамжай жана Араван райондорунун тургундары сел жүргөнү тартылган видеолорду интернетке чыгарышты.

19-июлда Лейлектеги 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен.


16x9 Image

Талгат Абжалил уулу

"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы, Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG