Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Сузакта чатырга көчүрүлгөндөрдүн түйшүгү


Сузак району, Кара-Март айылы. 12-май, 2020-жыл.

Сузакта жер көчкү жана сел коркунучунан улам чатырларга көчүрүлгөн 20дай үй-бүлө жаңы үй куруу ишин баштай элек. Айрымдарында жер тилке, кээ бирлеринде каражат жок.

Чатырда жашап жаткан жергиликтүүлөр күзүндө кайра эле кооптуу үйлөрүнө көчүп барганы турат. Жергиликтүү бийлик аларга жер тилкеден башка жардам бере албастыгын айтууда.

«Тигил үй меники, бул кошунамдын үйү, алар тоодон жарака пайда болгондо Орусияга кетип калышкан. Азыр үйүндө эч ким жок. Бул жактагы кошунанын үйүндө келини менен баласы бар, өздөрү бул жакта чатырда жашап жатышат. Муну болсо мурунку айыл өкмөт башчынын үйү, аларды да көчүрүп чыгарды. Биздин үйүбүзгө сай суулары 50 метр гана калды. Катуу жаан жааган күнү башка жакта жашап жаттык. Өткөн жаанда жыйылган чөптү агызып кетиптир».

Калбү Жусупбаева
Калбү Жусупбаева

Калбү Жусупбаева кооптуу жерде турган айылдагы үйүн көрсөттү. Эки кабаттуу турак жайын маркум күйөөсү жакынкы жылдары эле салып бүтүргөн экен. Эми минтип сайдагы суу ташкыны аларды чатырга көчүп чыгууга аргасыз кылды. Үй-бүлө апрель айынын этегинде көчүрүлгөн экен.

Калбү Жусупбаева үй-бүлөсу менен чатырда. 12-май 2020-жыл.
Калбү Жусупбаева үй-бүлөсу менен чатырда. 12-май 2020-жыл.

Тоо башындагы чатырда күн кечирип жаткан Калбүкүн сайын ылдый жактагы турак жайына түшүп, чарбасын, эгинди карап кетет. Чатырда өзүнөн башка келини жана төрт небереси бар.

«Чек бергени менен там салып көчүп чыгууга каражатыбыз жок. 62 жашка келгенде араң там салып бүтүрдүк эле, эми кайра жаңы үй салганга айлабыз жок турат. Эми чатырда канча күн жашаарыбызды билбейбиз. Качан чатырды алса кайра мурунку үйүбүзгө кетебиз да. Башка кай жакка бармак элек? Пенсия алам, ошону тамак-ашка араң жеткирип жатабыз».

Кара-Март айылындагы 20 үй-бүлө ушундай шартта жашап жатат. Үч балалуу Нияра Халбаева бул жакка келгенине эки жумага чукулдады. Келин күн ысыкта чатырда жашоо кыйын экенин айтты:

Нияра Халбаева
Нияра Халбаева

«Биз бул жакка 1-майда келдик. Жер көчкүдөн сактангыла деп чатыр тигип беришкен. Машинелер менен оокатыбызды өзүбүз алып чыктык. Суудан кыйналып атабыз, шор суу ичсең ичиң ооруйт. Тамак-ашыбызды ушул жерде кылабыз. Күндүз эски үйдөгү огород эгиндерин чапканы түшөм, балдар чатырда калат. Тиричилик ушундай өтүп жатат. Чатырда баары бир жашоо кыйын экен. Ысыкта ичи дем болсо, жамгыр жааган күндөрү суук. Балдары барларга эле кыйын экен».

Кара-Март айылы курамына кирген Сузактын Кыз-Көл айыл аймагында 16 миңден ашык адам жашайт. Бул өрөөндө 310 үй-бүлө жашаган жер кооптуу тилкелердин тизмесине кирет. Аларга 1994-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги корутунду чыгарып берген, бирок эч кимиси турак жайларынан көчкөн эмес.

Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы Автандил Кушбаков алардын жарымына убагында жер тилке жана жеңилдетилген ссуда берилгенин айтты:

Автандил Кушбаков.
Автандил Кушбаков.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жакында эле Кайырма участогун кооптуу деп таап, ал жерде жашаган тургундарды көчүрүү сунушун беген. 20 чатыр тигип, тургундарды көчүрүп чыгардык. Жергиликтүү бийлик баарына свет тартып, курулушка сууну жеткирип бердик. Эми жолдоруна шагыл төшөп берели деп турабыз. 2005-жылы бул жер трансформация болуп, бирок элге берилбей калган. 2016-жылы пландоо иштерин алып барып, 70тен ашык жер тилкесин бөлүп бердик. Дагы азыр жети участокту эч ким албай турат. Айрымдары бул жер да кооптуу деп келбей жатат. Биз бере турган жардам ушул экен».

Сузак району, Кара-Март айылы. 12-май 2020-жыл.
Сузак району, Кара-Март айылы. 12-май 2020-жыл.

12 айыл курамына кирген Кыз-Көл айыл өкмөтүндөгү 10 айылда жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Жергиликтүү бийлик аларды көчүрүү боюнча 34 гектардан ашык жерди трансформациялоо документтери 2019-жылы өкмөткө сунушталганы менен чечиле элек. Жергиликтүү тургундар тоо арасындагы айылдан биротоло башка жактарга көчүрүүнү өкмөттөн суранышат. Алардын бири жергиликтүү тургун Урмат Разакулова буларды айтты:

Урмат Разакулова
Урмат Разакулова

«Пенде экенбиз, тобокелчиликке салып жашап келдик. Бирок мамлекет тарабынан 2017-жылдары чек да, ссуда да берилди. 30 жылдан бери түптөгөн чарбаны кайра бузуп, башка жакка көчүү биз үчүн оор болуп турат. Аны башкалар туура түшүнүшү керек. Дагы өкмөт тарабынан жеңилдетилген ссуда берүү жагы караштырылса деген ойду айтат элем. Экинчиден, бизди көчкүдөн чыгарып, кайра эле көчкү боло турган жерге алып келип жатышат. Балким түз жерлерден берсе болмок. Буга жогорку бийлик кийлигишип, трансформациялоо маселесин карап беришсе жакшы болмок».

Кара-Март айылынан Кайырма участогуна көчүрүлгөн чатырдагы 20 үй-бүлөнүн бирөө гана жаңы үй салууга курулуш баштады. Жер тилке алган 12 адам каражаттын тартыштыгынан жаңы там салууга кирише элек. Демек алар быйыл да чатырдан кийин кайрадан кооптуу жерде жашоого аргасыз.

Мамасалы Акматов.
Мамасалы Акматов.

«1-январга карата 1471 кожолук эң кооптуу аймакта жашайт деп тактаганбыз. Быйыл жыл башынан бери 150 үй-бүлөнү биротоло коопсуз жайга көчүрүп чыктык. Жаз айында жер көчкү жана сел коркунучунан улам 102 кожолук убактылуу чатырларга, башка туугандарыныкына чыгарылды. Мурда мамлекет ссуда берип келген. 2017-жылдан баштап камсыздандыруу уюму түзүлгөндө ошолорго өткөн. Азыр үйлөрү камсыздандырылгандарга жардам бере алат. Көчкү жүрүүчү жерлердегилер убагында ссуда жана жер тилкелерин алышкан. Эми алар өз эсебинен чыгарылышы керек. Болбосо сот аркылуу мажбурлап көчүрүүгө туура келет. Учурда 36 үй-бүлөнү биз сотко бердик»,- деди өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов.

Жалал-Абадда 1367 түтүн кооптуу аймактарда жашоосун улантууда. Ал адамдарга сел, суу ташкын, жер көчкү коркунучу бар аймактан көчүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги корутунду берип, сот чечим чыгарса да ордунан козголбой келет. Учурда мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык ссуда берүү токтотулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG