Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Коронавирустан дагы эки адам каза болду, 116 бейтап жаңы катталды


Коронавирус.
Коронавирус.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду, экөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2666га жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 116 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (54 адам) жана Чүй облусунда (33 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 181 105ке жетти. Азыр ооруканада 708 бейтап жатат, дагы 699 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG