Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

18 мамлекет Кремлдин журналисттерге куугунтугу күч алганын айыптады


"Дождь" каналын "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилишине каршы чыккан аял. 14-сентябрь, 2021-жыл. Москва.
"Дождь" каналын "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилишине каршы чыккан аял. 14-сентябрь, 2021-жыл. Москва.

18 мамлекет, анын ичинде Кошмо Штаттар жана Британия орус өкмөтү тараптан "көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктоо күч алышы" боюнча тынчсыздануусун билдирди.

"Маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн коалиция" деген аталыштагы 28-октябрдагы билдирүүгө Украина, Түндүк Македония, Австралия, Канада, Чехия, Дания, Франция, Германия, Грекия, Исландия, Латвия, Литва, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Словакия, Словения кол коюшкан.

Билдирүүдө "маалымат каражаттарынын эркиндиги адам укуктарын коргоодо абдан маанилүү" деп белгиленген.

Орус бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарын, укук коргоочуларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн "ыңгайсыз адамдар же топтор", "чет элдик агент" деген мыйзамдардын алкагында куугунтуктап келет.

Билдирүүдө ошондой эле, Крымды аннексиялап алган орус бийлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысын кармап, кыйноого алышканы жазылган.

"15-июлда Владислав Есипенкого ойлоп табылган айып тагылган, эми ал 18 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

Есипенко украин чалгын кызматтары үчүн маалымат топтоп жүргөн деген шек менен кармалган. Ага чейин беш жылдай Крымда социалдык жана экологиялык темаларды чагылдырып келген.

15-июлда Симферополь соту ага "жардыруучу заттарды сактаган жана алып жүргөн" деген расмий айып таккан. Есипенко тагылган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG