Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

COVID-19: Маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттендирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер да эми коронавируска каршы эмдөөдөн сөзсүз өтүүгө милдеттүү болот. Саламаттык сактоо министрлигинин 28-октябрдагы маалыматына караганда, өкмөттүн 2001-жылдын 21-декабрындагы "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу тууралуу токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Ага ылайык, эмдөөдөн сөзсүз өтүүгө милдеттүүлөр тизмесине маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдардын оюн аянттары, балдар лагерлери, дене тарбия жана ден соолук чыңдоочу комплекстер, фитнес клубдар) менен толукталды.

Буга чейин милдеттүү түрдө эмделчүлөр тизмесинде медицина жана билим берүү кызматкерлери бар болчу.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 181 миңге жетти, алардын 2,6 миңи көз жумду. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG