Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Парламенттик шайлоого катышчу партиялар жана талапкерлер аныкталды


БШКнын сайты.
БШКнын сайты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катышчу партияларды жана бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттады.

Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды.

Каттоодон 21 партия өткөн. Алар: "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс" "Азаттык", Улуу-Журт", "Мекенчил Эл", "Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы", "Социал-демократтар", "Аруузат", "Ордо", "Багыт", Жашылдар", "Легалайз", "Күчтүү регион", "Жашасын Кыргызстан" жана "Эл үмүтү" партиялары.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталат. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG