Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Султанбаев: Президенттин чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат


Президент Садыр Жапаров жана президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандарын айрым кызыкдар тараптар бурмалап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, социалдык тармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет", - деп белгиледи Султанбаев.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроого жооп берген. Анда чек ара маселесин чечүүдө негизги төрт көйгөй бар экенин белгилеп, Тажикстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер боюнча позициясын Кыргызстан эч качан кабыл албай турганын билдирген.

Президент маалымат жыйынында Тажикстандын Мургаб району тууралуу да айтып өткөн.

Мындан кийин буга Тажикстандын демократиялык партиясынын (ТДП) билдирүүсүн коңшу өлкөнүн бир катар басылмалары жарыялады. Партиянын лидери Саиджафар Усмонзода "Азаттыктын" тажик кызматына комментарий берип, президент Жапаровдун сөзүн "чек ара маселесин чечүүдөгү басым" катары баалаган.

Быйыл 28-30-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG