Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Айтурган Темирова: Эненин ролун ойногум келет


Айтурган Темирова.
Айтурган Темирова.

Кыргыз эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, актриса Айтурган Темирова быйыл өтүүчү XV эл аралык “Бир дүйнө – Кыргызстан” даректүү тасмалардын фестивалынын ардактуу президенти болуп дайындалды.

Быйыл Кыргызстан кыргыз киносунун 80 жылдыгын белгилегени турат. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген атка татыган. Мына ушул даңазалуу жылдары кино дүйнөсүнө аралашкан даңазалуу актриса менен жаңы маекти сунуштайбыз.

- Жакын арада “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалына ардактуу президент болуп дайындалган экенсиз, алгач кепти ушундан баштасак.

- Бул мен үчүн жаңылык болду, буга чейин “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына катышкан эмес элем. 15 жылдан бери өтүп келет экен. “Быйылкы фестивалдын ардактуу президенти болуп бериңиз” деп чакырып калышты. Биринчиден, ыраазычылык билдирем. Экинчиден, быйылкы фестивалда балдардын, аялдардын укугуна басым жасалган экен. Мен ар дайым аялдардын, балдардын укугу жаатында маселе болгондо көңүл буруп келем. Ошондуктан макулдугумду бердим.

- Сизди учурунда советтик өлкөлөрдүн бир топ тасмаларында образ жараткан актриса катары билебиз. Учурда кайсы өлкөлөрдөн киного тартылууга чакыруу түшүп жатат?

-Соңку беш жылдан бери киного тартылбай отуруп калдым. Атайын деле эс алууга чыгып кеткен жерим жок. Орусиядан, Казакстандан, өзүбүздүн Кыргызстандан деле чакыруулар болуп жатты. Бирок мени чакырып жаткан тасмалар анчалык купулума толо бербеди. Мисалы, көп учурда казак сериалдарына чакырышты, мен сериалга тартылууну жактыра бербейм. Анткени сериалды кино деп эсептебейм. Өзүм деле айрым учурда башка сериалдарга көз чаптырып калам да, бирок көрүүчүлөр аны бир көргөндө эле унутуп калат экен. Актёр эпизоддордо кандай ойноду, тасманын маани-мазмуну кандай болду, алардын көпчүлүгү көрөрмандын эсинен чыгып кетет тура. Ошондуктан мындай тасмаларга убактымды короткум келбейт. Эгерде жакшы сценарий болуп, жакшы режиссёрлор чакырса, албетте келип тартылат элем.

- Ар бир актёрдун кыялындагы образы болот дешет. Сиз азыр тасмага тартылсаңыз кимдин образын жараткыңыз келет?

- Илгери жаш чагымда көп максат-тилектерим бар болчу. Азыр жашым деле бир топко келип калды да. Ошондуктан каалаган бардык эле ролумду ойной албайм. Бирок андай болсо деле өзүмдүн жаш курагыма ылайык ролдорду аткара берем го деп ойлойм. Мисалы таененин, чоң эненин, кайнененин, дегеле энелердин жакшы ролдору болсо сөзсүз ойномокмун.

Айтурган Темирова.
Айтурган Темирова.

- Кыргыз кинематографиясындагы тенденцияларга көз салып турасызбы? Дегеле кыргыз киносунун кербени кандай жолдо бара жатат?

- Акыркы эки-үч жылдан бери таланттуу режиссёрлор чыкканы тартылган тасмалардан байкалып турат. Мисалы быйыл өтүүчү “Бир дүйнө – Кыргызстандын” фестивалында да мыкты режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлгөнү жатат. Алардын биринин тасмасы Италияда байгеге татыган экен. Мындан башка дагы социалдык баракчалардан чет өлкөдө кыргыз өлкөсүн даңазалап жаткан тасмаларды көрүп кубанып калабыз. Булардын да эмгегин учурунда баса белгилебесек болбойт. Буюрса ушундай ийгиликтүү жол менен жүрүп отурсак, азыркы муундан да “Кыргыз кереметин” кайрадан жарата ала тургандай дараметке ээ кино ишмерлери чыгат деп терең үмүттөнөм.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартуу учуру. Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова, Болот Шамшиев.
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартуу учуру. Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова, Болот Шамшиев.

- Азыркы күндө кыргыз кинолору да абдан көбөйдү, аларда образ жараткан жаңы жүздөр да ошончолук арбын. Негизи эле актёр, актриса деген ким? Аларда сөзсүз түрдө билим болушу шартпы же талант болгону жетиштүүбү?

- Актёр болуу үчүн биринчиден ушул таланттын ээси болуп төрөлүш керек. Ыраматылык Болот Шамшиев айткандай “актёр деген “ийкемдүү” болуш керек”. Мисалы Шамшиев айтылуу актёрлор Сүймөнкул Чокморовду, Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди актёр катары алдын ала көрө билип, тасма талаасына тартып келип, мыкты талант кылып такшалта алды. Ал биринчи көркөм фильми “Караш-Караш окуясына” Сүймөнкул агабызды кокусунан көрүп эле ылайык экенин билген. Ага чейин Чокморовду кыргыздын эле аттуу-баштуу режиссёрлору кинопробаларга барганда албай койгон жайы көп болуптур.

Чокморов ошолорду айтып, “Мен жарабайм го, убара болбоңуз” десе, “Сенден актёрлук фактураны көрүп турам. Калганын үйрөтүп алам” деп көгөрүп тарткан. Демек актёрдун катылып жаткан талантын ачууда сөзсүз түрдө режиссёрдун да эмгеги маанилүү. Тилекке каршы, азыр мындай адамдар болбой жатат да. Алар кесиби болгону менен артисттер менен иштеше албайт, же болбосо такшалган даяр артисттер менен иштешет. Же тескерисинче, көчөдөн алып келип эле, анын кандай ойногонуна көп маани бербей жатышкандай. Азыр мурдагы доордогудай артист болуп төрөлгөндөр да жок болуп жатпайбы.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартуу учуру. Айтурган Темирова, Сүймөнкул Чокморов.
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартуу учуру. Айтурган Темирова, Сүймөнкул Чокморов.

- Сиз ушул “Кыргыз кереметинин” каармандары аталган таанымал актёрлор менен көп тасмада иштешип калдыңыз. Алар тууралуу да бир-эки ооз сөз кылбасак болбойт. Жашоодо кандай адамдар эле?

- “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” - мен алгач ирет роль жараткан тасма. Аны тартуу учурунда ошол убактагы атактуу артисттер менен иштедим. Жогоруда кеп кылган Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева... Мен ал учурда жаш элем, алардан тасма жаатында көп нерсе үйрөндүм. Абдан жөнөкөй адамдар эле. Элде айтылат го “жакшы талант канчалык атактуу болсо деле эл ичинде жөнөкөй болот” деп. Алар жашоодо да ошондой жөнөкөй адамдар эле. Чокморов агабыздын үй-бүлөсү менен жакын катышта элек, үйгө келгенде комуз менен ырдап берчү. Мен азыр аларды көп эстейм, көңүлгө ошол адамдар гана жетишпейт.

Айтурган Темирова кесиптештери Советбек Жумадылов жана Гүлсара Ажибекова менен.
Айтурган Темирова кесиптештери Советбек Жумадылов жана Гүлсара Ажибекова менен.

- Чыгаан режиссёр Болот Шамшиев менен да бир топ жыл бирге түтүн булатып калдыңыздар, тасмада да бирге иштештиңиздер. Эки өнөр адамынын үй-бүлөдөгү мамилеси кандай болду?

- Кандай болгон күндө да Болот Шамшиев экөөбүздүн ортодо балдарыбыз бар. Бирге жашап жүргөнүбүздө үйдө башка жубайлардай эле жашоо кечирдик. Конок тоскондо кадимкидей тосуп, үйдөгү маселени кадимкидей бирге талкуулачубуз. Чыгармачылыкта деле бири-бирибизди толуктадык. Болот кино тартам деп сценарий жазганда кээде мага окуп берчү, мен болсо ага өз ой-пикирлеримди айтчумун. Айрым учурда “ой, азамат, чын эле бул жерин мындай кылып коюшум керек экен, ээ” деп кабылдап, кудуңдап, ыраазы болгон учурлары болду. Экөөбүз тең кино адамы болгондуктанбы, көп учурда оюбуз бир чыкчу. Кыскасын айтканда, экөөбүздүн ортобузда атайын деле бир эрежелер жок болчу. Колдон келишинче бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп жашадык. Ал киши мен үчүн гений болгон, мындан ары да улуу адам бойдон эсимде сакталат.

Айтурган Темирова, Болот Шамшиев.
Айтурган Темирова, Болот Шамшиев.

- Тасмада жараткан образдарыңыздын ичинен кайсынысы сизге эң жакын жана эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Ар бир тартылган тасмам мен үчүн кымбат. Анткени ар бирине мен өзүмдүн энергиямды бердим, турмушумдун үзүндүлөрүн короттум. Жаман ойнодумбу же жакшы ойнодумбу, анын мааниси жок. Ал эми эсимде калган тасмалардын ичинен “Снайперлердеги” ролумду атай алам. Анткени анын кыйынчылыгы көп болгон. Кышында 40 градус суук, жайында 40 градус ысык кездери тартылган учурлары бар. “Снайперлер” тасмасында согуштун кичинекей үзүндүсүн ойносом деле, өзүмдү кадимки согушта жүргөндөй сезгем. Ал тасмадан кийин башымдан операцияларды да өткөрдүм.

Айтурган Темированын "Снайперлер" тасмасындагы образы.
Айтурган Темированын "Снайперлер" тасмасындагы образы.

- Учурда эмнелерди кыялданасыз?

- Азыр бизде байлар, олигархтар, Кудайга шүгүр, көп эле. Алар маданиятка бир аз болсо да көңүл буруп койсо жакшы болмок. Жакшы тасмалар үчүн акча бөлүп же жаштарды ушул кесипке чет өлкөдөн окутканга шарт түзсө, биздин келечек үчүн оң таасири болмок да.

Жаштарды чет өлкөгө окууга жөнөтө албасак да өзүбүздүн өлкөдө окутуу бөлүмдөрүн ачканга мүмкүнчүлүк түзсөк болот. Мисалы, коңшу Казакстанда меценаттардын клубу бар экен. Алар маданиятка көңүл буруп, зор каражаттарды бөлөт экен. Режиссёрлор өздөрү иштеп чыккан тасмаларды тартуулашат экен. Бизде деле ушундай мүмкүнчүлүк, шарттар түзүлсө болот эле деп кыялданам.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтурган Темирова 1958-жылы 2-февралда Кытайдагы Кулжа шаарында туулган. Актриса ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келгенден кийин 1971-1974-жылдары М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1974-1976-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окуган.

Темирова 16 жашында белгилүү режиссёр Болот Шамшиев тарткан «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминде Калыйчанын ролун аткаруу менен тасма талаасына кадам таштаган.

Ал ушул кезге чейин 40тан ашуун киного тартылып, көп каармандардын образын жараткан. 2021-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG