Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

"Кызыл алма" - сүйүү издеген спектакль


Иллюстрациялык сүрөт.

Тиричиликтин будуң-чаңына көмүлүп, өмүр өткөнчө түбөлүк бүтпөй турган турмуш ташпишинен баш көтөрбөй, айланабызда кандай сонун нерселер болуп жатканын көбүнесе байкабай калабыз.

Адаттагыдай эле бу саам да кошунам, студенттик күндөн берки устатым, экөөбүз эки айылдан болгонубуз менен бир туугандан да жакын болуп калган агам Жолдош Турдубаев себепчи болбогондо, дилге азык чачар дагы бир ажайып көрүнүштөн куру калмак экенмин.

Белгилүү театр жана кино режиссёру, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Асанбековдун шарапаты менен кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун түбөлүктүү дүйнөсүнө дагы бир жолу жакындаштык. Дагы бир жолу адам рухунун улуулугуна таазим этип, бул жарыкчылыкта сүйүүдөн өткөн асыл, сүйүүдөн өткөн баасыз кымбат нерсе жок экендигине күбө болдук.

Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрдын чыгармачыл жамааты тартуулаган бир жарым саатка созулган спектакль башкы кейипкер Исабековдун гана эмес, биздин да жан дүйнөбүздү удургутуп, биздин да туйгуларыбызды ала салдырып, бизди да ойготуп, биздин да эң бир ыйык, эң бир аруу, аялуу сезимдерибизди козгоп жибергендей болду.

Көрүнүктүү режиссёр Нурлан Асанбеков дайыма өзүнүн жаңы табылгалары, чыгармачылыктагы өзгөчө стили, өзүнө гана таандык ойлору, көз карашы менен көрөрмандарды кубандырып келет. Ч. Айтматовдун «Кызыл Алма» повести боюнча коюлган режиссёрдун кезектеги спектакли да сүйүүнүн гимни десе болчудай атактуу чыгарманы жөн гана кайталабай, туурабай, таптакыр башка өңүттө, бөлөк чен-өлчөмдө чечмелеген.

Көрөрмандардын салыштырмалуу чакан тобуна гана арналган камердик театрдын артыкчылыгы сен артисттер менен аралашып кеткенсип, алардын ар бир кыймыл-аракетин гана эмес, ымдоо-жаңсоолорун да таасын көрөсүң, алардын кайгы-кубанычына, б.а. эмоционалдык толгонууларына кудум жанында тургандай ортоктош болосуң. Ал эми дал ушундай сахна үчүн коюлган Асанбековдун «Кызыл алмасы» баарынан мурда көркөм-поэтикалык бийик деңгээли, маани-маңызынын тереңдиги, философиясы, метафоралык-аллегориялык каражаттар чебер колдонулгандыгы менен көңүлдү бурду.

Башкы каармандардын ички дүйнөсүн ачып берүү, алардын маанайын чагылдыруу, көкүрөк-көөдөнүндө жүрүп жаткан бурганакты туюндуруу үчүн сахнадагы декорациядан, мизансценадан, көркөм тариздөөдөн, музыкадан тышкары «табият кубулуштары» (жарык, жалбырактын түшүшү, нөшөрлөп жааган жаан, шамалдын согушу ж.б.у.с.) да кызмат кылат. Ошол эле учурда экинчи катардагы кейипкерлер өздөрүнүн репликалары, кыймыл-аракеттери, ыр-бийлери менен чыгармадагы драматизмди андан бетер курчутуп, андан бетер күчөтөт.

Балким, режиссёр бөлөк маани камтыгысы келгендир, бирок мен алар чарчы айнек кармап бийлеген эпизоддон чоң символиканы көрдүм. Атактуу грек философу Диоген бекеринен чакалайдын чак түшүндө чырак көтөрүп адамды издеген эмес чыгар. Менин айтайын дегеним, Диогендин чырагы дагы, биз сөз кылып жаткан спектаклдеги каармандардын чарчы айнеги дагы – адамдын жан дүйнөсү, анын ыйман-адеби, анын абийири. Айтмакчы, бул айнек азыркы адамдар колунан түшүрбөй кармап, бет алдындагы, жанындагы кишиси менен эмес, алыстагы (балким, такыр бейтааныш) бирөө менен «маалымат алмашууну» адатка айлантканын да эске салчудай…

Диоген адамдын жан дүйнөсүн (кеңири мааниде анын рухун) издегендей, аталган чыгармадагы каармандар тобу да жан алакетке түшүп, «адамдагы адамды» (Айтматовдун өзүнүн сөзү), тагыраагы, көр тирликтин, өзүмчүлдүктүн, түшүнбөөчүлүктүн ж.б.у.с. нерселердин айынан тумчугуп калган Исабековдун жан дүйнөсүн, б.а. анын унутта кала жаздаган сүйүүсүн издешет. Аны кайрадан табууга көмөктөшөт. Ушул жерде кошумчалай кетчү бир нерсе, чыгармада сүйүүнүн символу эсептелген кызыл алманы улуу жазуучу бекеринен жанып турган чыракка салыштырбайт.

Менимче, эч бир актёр Исабековду чанда бир жаралчу улуу талант Сүймөнкүл Чокморовдой аткарып бере албаса керек. Албетте, ал ойногон ар бир кейипкер өзүнчө шедевр, өзүнчө кайталангыс окуя деңизчи, бирок мага Чокморов дал ушул Төлөмүш Океевдин «Кызыл Алма» тасмасындагы сүрөтчүнүн ролун аткаруу үчүн жаралгандай элестей берет. Ал эми аталган лирикалуу спектаклдеги жаш актер Чагалдак Замирбековдун Исабекову да кыйла ынанарлык чыккан.

Кейипкердин ички психологиялык күрөшүн, аны уйгу-туйгу кылып жанын жай алдырбай жаткан сезим-туюмдарды Замирбеков эч бир жасалмасыз, ушунун баары чындап эле өзүнүн башынан өтүп жаткандай, абдан таасирдүү, абдан жеткиликтүү ойнойт. Маселен, ал кызыл алма таап алып, аны сыртынан сүйүн жүргөн бейтааныш кызга берип жатканын элестеткен учурларды алалы. Өнө боюна сыйбай, көкүрөк-көөдөнүн мына-мына тээп чыкчудай болгон албуут абалын актёрдун кыймыл-аракетинен, сүйлөгөн сөздөрүнөн, эмоция-интонациясынан эле эмес, анын кабак-кашынан да таасын байкайбыз.

Тактап айтканда, ошол мүнөттөрдө ал бүт турган-турушу, бүт дүйнөсү менен Айтматовдун Исабековуна айланат. Айрыкча бейтааныш кыз аны чанып кеткендеги эпизод, күтпөгөн жерден асманы аңтарылгансыган анын трагедиялуу абалы көрөрмандардын жүрөгүн титиретип жибергендей болду. Бир заматта ал үчүн дүйнөнүн түркүн түстүү гүлү күбүлүп түшүп, аалам какыраган чөлгө, суусуз сайга айланып калгансыды. Бир заматта анын жашоого, адамга болгон ишеними өлүп, үмүт-кыялынын баары талкаланды.

Эң коркунучтуусу, ал эч нерсеге теңдешсиз ууз арзуусунан, мүлдө өмүрүнүн маани-маңызын түзгөн аздек идеалынан ажырады. Ошол көз ирмемдерде ал көрсө сүйүү деген нерсе жалган экен да, андай болгондон кийин мындан ары жашоонун кереги барбы же жокпу деген тагдыр чечүүчү суроого такалды. Таза жүрөгү, жаштык максимализми менен бир туруп баарынан кечип кеткиси келди.

Спектаклдин хореграфиясы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Жалаң жаштардан турган актёрлор курамынын заманбап ыр-бийлери, ар бир аткаруучунун жарашыктуу кийими, жеңил, ийкемдүү кыймыл-аракети, жагымдуу пластикасы сахнага кошумча көрк кошуп, анын ажарын дагы да ачты десек жаңылышпайбыз.

Биз көнүп калган классикалык театрдагыдай ар бир көрүнүш сайын көшөгө ачылып-жабылып турбаса да, спектаклдеги окуянын жүрүшүнө, негизги каармандардын маанайына, алака-катышына, психологиялык абалына жараша сахнадагы декорациянын, андагы реквизиттердин улам өзгөрүп (же алмашып) турушу чыгарманын фонун эле түзбөй, кээде каймана мааниге ээ болуп, анын эффектисин арттырып турат. Апакай кийинген улан-кыздардын бир өңчөй ак кездеме менен тышталган китеп кармап чыгышын буга бир далил катары айтсак болот. Бул жерде китеп – тек илим-билимдин гана эмес, жаркын келечектин да, жаштардын үмүт-кыялынын, максат-мүдөөсүнүн да символу.

Бейтааныш кыз менен Сабиранын ролун жаш актрисалар Айнура Исмаилова менен Айзада Сапьянова мыкты аткарышты. Дегеле шаардык театрдын жаш жамаатынын оюну көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жалпынын алкышына арзыды. Мени кубандырганы аталган чыгармага келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар эле.

Жаңы спектаклдин сценографиясын КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Юлдаш Нурматов түзгөн. Кейипкерлердин кийимдери Зухра Мукамбетова айымдын колунан чыккан. БШДТнын артисттери менен хореограф катары КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сергей Стрельцов иштеген. Ал эми сахнада классикалык музыканын коштоосунда испан акыны, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Хуан Рамон Хименестин ырлары жаңырат.

Март айынын башынан бери коюла баштаган «Кызыл алма» – шаардык театрдын пандемия учурундагы бир жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы спектакли.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG