Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Сүймөнкулдун кош канат таланты


Сүймөнкул Чокморов.
Сүймөнкул Чокморов.

Сүймөнкул Чокморовдун жарык дүйнөнү таштап кеткенинен бери 27 жыл өттү. Ушу күндөрү кыргыз коомчулугу улуу таланттын 80 жылдыгын белгилөөдө.

Сүймөнкул Чокморовдун артында калган мурасынын көркөмдүк баалуулугу мезгил өткөн сайын улам ачыла берет окшобойбу.

Улуу таланттын бири экинчисинен кем калбаган кош өнөргө келиши деле кызык болгон экен. Оору азабынан кутулуу аргасын издеп бала чагында спортко кызыгып, ал жаатта деле бир топ ийгиликтерге жетишиптир.

Мына ушул спорт - поэзия жана кино өнөрүндөгү эки залкар - Омор Султанов менен Сүймөнкул Чокморовду ынак кылыптыр.

Омор Султанов.
Омор Султанов.

- Мен университетте волейболчу элем. Бир күнү билип туруп эле “Ай, сен волейболду билесиңби?” деп тамашаладым. Ал Абдырайды карап “Эмне деп атат?” деп күлдү. Көрсө ал Ленинградда команданын капитаны болуп жүргөн экен. Кийин этюдун, сүрөтүн белекке берди. Турган туруму жөнөкөй болчу, бирок ар жагында бир нерсе бар экени көрүнүп турчу. Абдан жөнөкөй, күлүп сүйлөп жыргап жүрчү эле. Жөнөкөйлүк артында көп нерсе жатканын мен байкачу элем, - деди Омор Султанов.

Сүймөнкул Чокморовдун кино өнөрүндөгү жетишкен бийиктиктери азыркыга чейин өнөр адамдарын тамшантып келет.

Улуу таланттын ичте бугуп жаткан талантын байкап, тартынчаак сүрөтчүнү кино айдыңына алып келген айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиев “Караш-Караш окуясы” фильминдеги Бактыгулдун ролуна ылайык актер издеп жүрүп, Чокморовго жолугуп калган.

Саякбай манасчы тууралуу фильмдин сүрөттөрүн издеп жүргөн сүрөтчү Чокморов менен кино өнөрүндө өз алдынча чыгарма жаратууга киришип жаткан ал кездеги жаш режиссердун жолугушуусу капыс болгон экен.

Болот Шамшиев алгачкы көркөм фильмин тартуу учурундагы оор эпизоддордун бири кантип тартылганын минтип эскерди:

- Чокморов жөнөкөй, жапакеч, тамашакөй жакшы адам эле. Азыркы “жылдыз оорусуна” чалдыккан бирөө болсо “кокуй, мунуңузга түшпөйм, өлүп калам” деп макул болмок эмес. Сүймөнкул коркпой Көкөмерендин шыргалаң суусуна кирген. Суучул кийимин кийип, тереңдиги алты метрге жеткен, үйдөй таштарга чабылып, үйөрлөнүп агып аткан дарыяга коркуп кире албай койдум. Андай коркунуч Сүймөнкулда жок болчу, ал тайсалдабай сууга кирди. Кийиминин ичинен италиялык суучулдардын кийимин кийгизгенбиз. Денесин каздын майы менен аябай шыбаганбыз. Кинону көргөн адамды аптыктырып койчу опуртал эпизод ошентип тартылган. Кинону алгач Лондондо, анан Германияда, Парижде көрсөткөнүбүздө көрүүчүлөр ошол эпизодго шатырата кол чабышкан.

Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова жана режиссер Болот Шамшиев.
Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова жана режиссер Болот Шамшиев.

Болот Шамшиев Бактыгулдун ролуна алгач Болот Бейшеналиевди тартууну көздөп, бирок да Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө капыс кездешип, таанышып калгандан кийин Сүймөнкул Чокморовду тандап алганын, анын актердук таланты “Караш-Караш окуясынан” ачылганын белгиледи.

Ал эми кыргызга белгилүү акын Бактыгүл Чотурова Сүймөнкул Чокморовдун 60 жылдыгына карата алтымыш сүрөтү менен алтымыш ырдан турган ыр китебин даярдаган. Анын улуу талантка карата урмат-сыйы ошол китептеги ырларында берилген.

- Улуу таланттын өзүнүн касиети болот экен. Бир-эки ырды жазып баштагандан кийинкилери өзүнөн өзү эле шыдыр кетти. Биз ошондо 60 ырды 60 сүрөт менен гезиттин ар бир санына чыгарып турдук. Кийин ал китеп болуп чыкты, - деди Бактыгүл Чотурова.

Сүймөнкул Чокморовдун жеңеси Карачач Чокморова анын 50 жылдык мааракесиндеги бир учурду эскерди.

- Той болуп атат, 50 жылдыгын шаардан бердик. Анда диализге түшүп калган эле. “Жеңе жүрү” деп эле бирөө мени ээрчитип чыкты. Элдин баары “Зеленстройдо” тойлоп жатат. Электр жарыгы деле жок, движок, балдардын машинеси менен той берип атабыз. Сүймөнкулдун операция жасалган бутундагы тамыры жарылып кетиптир. Момундай. Анан “Жеңе, жоолук, таза жоолук алып кел” деди. Ошондо диализи үзүлүп кетиптир. Чирип, канча азап тартты. Кантамырды жоолук менен бууп салганда өзүн-өзү токтотуп, “Жеңе, ыйлаба! Бек байла!" деп мага кайрат берип атпайбы. Мобу жерден тамырынан өйдө каратып катуу тырыштырып байлап, жанында отурдум. ТАнан тамыр боюнча адис Намазбековго келдик. Пастек бойлуу жигит эле. Бала ошо кыйналып турганын көрүп эле операцияга алып кирип кетти.

15-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

- Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, эркектердин эң мыкты ролун аткаргандыгы үчүн эл аралык сыйлыктарын беш жолу жеңип алган жалгыз актер болду. Анын талантын Акира Куросава менен катар орусиялык, жапониялык, европалык, америкалык кино ишмерлер абдан жогору баалаганын билесиздер. Ошентсе да эң жогорку баасын өзүнүн улуу агасы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун “Сүймөнкулдун кош таланты – сүрөтчүлүгү менен кино актерлугу жалаң гана кыргыз искусствосу эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык” деген сөзүнөн тапсак болот.

«Кыргыз кереметинин» жарык жылдызы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00

Сооронбай Жээнбеков жакында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болгонун, ал жерде сүрөтчүнүн 80ден ашуун сүрөттөрү барын, 27 сүрөтү дүйнөлүк музейлерде сакталып турганын белгиледи.

Ушу азыр “кыргыз керемети” деген кино өнөрүнүн “алтын доорун” жараткан көркөм тасмалар өзгөчө ынтаа, кызыгуу менен көрүлөт. Залкардын 80 жылдыгына арналган эскерүү кечесинде Сүймөнкул Чокморовдун кинодо аткарган ролдору, анын ичинде “Делбирим” повестинин негизинде тартылган “Мен Тянь-Шань” фильминен кыскача үзүндү тартууланды.

Сүймөнкул Чокморов алышкан оорунун азабын тартып жүргөн чагында кыл каламын таштабай, бала кезинен жактырган өнөрүнөн кол үзгөн эмес. Анын 53 жашына чейинки жасаган эмгектери масштабы, тереңдиги жагынан көргөн адамды таң калтырып, авторунун атын өчүрбөй жашап келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG