Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

“Киношок” фестивалында эки кыргыз тасмасы ийгилик жаратты


"Киношок" фестивалынын жарнамасынан алынган сүрөт.
"Киношок" фестивалынын жарнамасынан алынган сүрөт.

Орусиянын Анапа шаарында өткөн КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн "Киношок" кинофестивалы жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандан катышкан эки тасма ийгилик жаратты.

Режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл" фильминдеги образы үчүн Болот Тентимишов "Эң мыкты эркектин ролу" сыйлыгын алды.

Дагы бир кыргыз тасмасы - “Акыркы көч” фильми “Толук метраждуу тасмалардын эң мыкты музыкасы” номинациясында жеңди. Фильмдин музыкалык композициясы Баласагын Мусаевге таандык. Бул тууралуу "Акыркы көч" тасмасынын режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулу "Азаттыкка" билдирди.

“Киношок” ачык фестивалы 25-сентябрдан 2 -октябрына чейин өтүп, көркөм сынак программасына Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Эстония жана Армениядан 12 тасма кирген. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG