Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Сот БШКнын Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгарды


Талант Мамытов
Талант Мамытов

Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Бишкектин административдик соту шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдагы мамлекеттик кызматкер талапкерлигин көрсөткөн күндөн тартып кызматын тапшырат деген милдеттеме Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешелүү эмес экенин, Талант Мамытов төрагалык кылуу менен катар депутат дагы экенин белгилеген. Талант Мамытов 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарууну вице-спикер Аида Касымалиева тапшырганы белгилүү болду.

24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетпегендигине байланыштуу талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечим кабыл алган.

2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, "Ынтымак" партиясынын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG