Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

ДССУ: дүйнө калкын эмдөө үчүн миллиардаган каражат зарыл


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, эмдиги жылдын сентябрь айына чейин дүйнө калкын коронавируска каршы вакцина жана дары-дармек менен камсыздоо үчүн миллиардаган доллар зарыл.

28-октябрда уюмдун өкүлдөрү маалымдагандай, кеминде беш миллион адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн 23,4 миллиард доллар, ал эми дүйнө экономикасын сактап калуу үчүн 5,3 миллиард доллар керек.

Ошондой эле уюм вакциналардын жана дары-дармектин баарына бирдей бөлүштүрүлбөгөнү - коронавирус пандемиянын тезирек бүтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтты.

"Эгер ушул убаккка чейин колдонулган вакцинанын 6,8 миллиард дозасы баардык мамлекеттерге адилеттүү бөлүштүрүлсө, биз өз максатыбызга жетип, ар бир мамлекетте калктын 40% эмделип калмак",-деди уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус.

Ал арада мурдагы президенттерден жана өкмөт башчылардан турган топ атайын билдирүү жасап, Римде ушул апта аягында өтө турган "Чоң жыйырманын" саммитинде кубаттуу мамлекеттердин лидерлери жакыр өлкөлөргө вакцинадан каралашуу боюнча орток пикир табыш керектигин айтышты.

Түштүк Корея калкынын 70% эмдеп, карантин чараларын ала баштады. Калктын 80% вакцинанын биринчи дозасын алышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG