Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Борбор Азияда аялдар ишкерлигин колдоо боюнча программа ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор Азия аймагындагы төрт мамлекеттин аялдар ишкерлигин колдоого багытталган аймактык программа жүзөгө ашырыла баштады. Программанын презентациясы 28-октябрда Бишкекте өттү. Ага Кыргызстандын өкмөтүнүн, аялдардын бизнес-ассоциацияларынын, жарандык коомчулугунун өкүлдөрү жана Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү онлайн байланыш аркылуу катышышты.

Экономика ишмердүүлүгүнө катыштыруу үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ишкер аялдарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аларга мамлекеттик жана аймактык деңгээлде колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн программаны АКШнын Мамлекеттик департаментинин Аялдардын глобалдык маселелери боюнча башкармалыгы каржылаган уюмдар ишке ашырууда.

Бет ачар иш-чарасынын жыйынтыгында анын катышуучулары аялдардын бизнес-ассоциацияларынын коалициясын түзүү, аялдар арасында ишкерликти өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алышты.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG