Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Кыйноого каршы борбор: Ошто рак оорулуу адамды тергөө абагына кабыл албай коюшкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы тергөө абагы онкологиялык оорулуу кылмышка шектүү адамды кабыл алуудан баш тарткан.

Натыйжада шектүү Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) убактылуу камоочу жайына кайтарылган. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор 2-ноябрда маалымдады.

Ага ылайык, шектүү К. С. аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кылмыш-жазык кодексинин 314-беренеси ("Экстремисттик уюм түзүү") менен шек саналып кармалган.

Кадамжай РИИБнүн убактылуу камоочу жайында кармалып турган шектүү 27-октябрда Ош шаарындагы №5 тергөө абагына которулган. Бирок мекеме анын саламаттыгын жүйө кылып, кабыл алуудан баш тарткан.

Кыйноого каршы улуттук борбордун маалыматында:

"Убактылуу кармоочу жайдын башчысынын айтымында, аталган жаранды Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери текшерүүгө алган. Алар К.Ске операция талап кылынарын айтып, ага - уйку безинин рагы диагнозун коюшуп, аталган илдеттин натыйжасында механикалык сарык да пайда болгондугун тастыкталган. Азыркы тапта шектүүнүн абалы өтө начар. Мыйзамга ылайык, аны №5 тергөө изоляторуна которуу зарыл. ЖАМКнын мекемелеринде убактылуу кармоочу жайга салыштырмалуу квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк", - деп белгиленген.

Улуттук борбор бул иш боюнча шектүү адамга катаал, адамгерчиликсиз мамилеси жана аракетсиздиги үчүн жооптуу кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну тиешелүү органдардан талап кылмакчы.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул маалымат боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлоодо.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор буга чейин Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери абакта жатып кырсыктаган адамды карабай койгону үчүн аларды жоопко тартуу сунушун Саламаттык сактоо министрлигине берген.

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр 100дөй адамдан арыз түшкөн.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG