Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Баткендин бийлиги прокуратурага кайрылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү бюджеттен акчасы берилгенине карабай курулушу аяктабай жаткан объектилер боюнча беш фирманын үстүнөн прокуратурага кайрылды.

Бул тууралуу өкүлчүлүктүн укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов 2-ноябрда “Азаттык” радиосуна билдирди. Сөз мектеп, бала бакча жана башка курулуштар жөнүндө болууда.

Облус башчысы Абдыкерим Алимбаев коллегиялык жыйында берген маалыматына караганда, Баткен облусунда быйыл сентябрда казынадан каржыланган 18 объекттин курулушу аяктап, пайдаланууга берилиш керек болчу. Бирок бир эле мектеп бүткөн, калгандары аягына чыга элек.

Курулушу иштери аяктабай жаткан 17 обьектилерин арасынан каржы толугу менен берилгени жана өткөн жылы пайдаланууга берилиши керек болгондору да бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG