Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Украина "Байрактар" дрондорун өз заводдорунда чыгарууга даярданууда


"Байрактар" Киевдеги аскердик парадга даярдык учурунда. 18-август, 2021-жыл
"Байрактар" Киевдеги аскердик парадга даярдык учурунда. 18-август, 2021-жыл

Украина "Байрактар" учкучсуз комплекстерин өз алдынча чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Украинанын Анкарадагы элчиси Василий Боднар «Азаттыктын» украин кызматына билдирди. Маалыматка караганда, учурда дрондорду сактоо борбору жана оңдоо цехи үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси чечилип жатат. Муну менен катар "Байрактарды" чыгаруу үчүн өндүрүштү даярдоо иштери жүрүүдө.

Элчи ал учкучсуз аппараттарды украин куралдуу күчтөрү колдонорун, башка өлкөлөргө сатуу каралганын айтып, өндүрүш качан башталары тактала электигин кошумчалады.

“Тиешелүү иштер ылдам жүрүп жатат, бир нече жыл эмес, бир нече айдын ичинде башталышы мүмкүн”, - деди Боднар.

Дипломат дрондорго башка өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан кызыга баштаганын, ал эми Түркиянын өндүрүш кубаттуулугу ансыз да толуп калганын белгиледи.

Киев сокку уруучу учкучсуз тактикалык жабдуулардын партиясын сатып алуу тууралуу келишимге 2019-жылдын башында кол койгон. Менчик “Байкар” компаниясы чыгарган ал дрондор төрт ракета менен жабдылып, асманда 24 саатка чейин уча алат, сегиз чакырымга чейинки бутага сокку урууга кудуреттүү.

Өткөн аптада украин армиясы ал куралды биринчи жолу Донбасстагы жикчилерге каршы колдоногон.

Бир нече күн мурун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аскердик техниканы сатып алууга буюртма берилгенин билдирип, анын ичинде Түркиядан "Байрактардын” келиши күтүлүп жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG