Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жогорку сот Талант Мамытовго байланыштуу арызды артка кайтарды


Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Талант Мамытовдун талапкерлигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын артка кайтарды. Иш 2-ноябрда каралды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, БШКнын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт.

"БШКнын арызына 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде Кутбердиеванын өкүлү кол койгон. Бирок, ишеним кат тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондуктан анын аныктыгын тактоо жана далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес", - деп белгиледи сот.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Административдик сот 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгаргандан кийин Жогорку сотко арыз жолдонгон.

Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Мамытов “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган. Аталган партия БШКнын чечими "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, партиянын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган эле.

28-октябрдан баштап парламент спикеринин милдетин Аида Касымалиева аткарууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG