Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Жээнбековдун иши: БШК жолду ачты, кезек сотто


Равшан Жээнбеков. Архив.
Равшан Жээнбеков. Архив.

БШК камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттады. Ал Кой-Таш окуялары боюнча шектүү катары тергөө абагында кармалууда.

Жээнбековдун адвокаттары саясатчы камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүүгө шарт түзүлүшү керектигин билдиришүүдө. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Жээнбековдун үгүт өнөктүгү кандай өтөрү боюнча так позицияны айтпай турат.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталарга бир күн калганда камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду депутаттыкка талапкер катары каттады.

Ал Бишкектеги №16 Ленин шайлоо округунан эл өкүлдүгүнө ат салышкан жатат. Буга чейин соттун уруксаты менен Равшан Жээнбеков аскерлердин коштоосунда БШКга арызын тапшырган.

Эми оор кылмышка шектүү катары Тергөө абагында кармалып турган Жээнбеков талапкер катары үгүттү кандай жүргүзөт, ага кандай шарт түзүлөт деген маселе кызыгуу жаратууда.

Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев Жээнбеков эми камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп билдирүүдө.

"Негизи кылмыш иштери Жазык-процессуалдык кодекстин алкагында каралат. Андан да жогору турган шайлоолор жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде талапкер катары катталгандан тарта шайлоо жыйынтыгы чыгарылганга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаш керек деп көрсөтүлгөн. Бул Равшан Жээнбековго карата иш убактылуу токтотула турушу керек дегенди билдирет. Тескерисинче, ал киши абактан бошотулуп, үгүт жүргүзүп, шайланууга болгон укугун ишке ашырганга аракет кылышы керек".

Жоошев Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча арызды сотко жолдогонун кабарлады. Аталган арызды 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Равшан Жээнбековду талапкер катары каттаганы менен ал үгүт өнөктүгүн кандай жүргүзөрү белгисиз болуп турат. Аталган орган бул багытта так позициясын айта элек.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы тагдыры соттун колунда экенин билдирди:

"Берилген документтери мыйзамга шайкеш келгени үчүн каттадык. Анын камактагы мөөнөтү, башка маселелер боюнча биздин мамлекеттик органдар чечет. Ал тууралуу биз эч нерсе деп айта албайбыз".

Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов шайлоо мыйзамына ылайык, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин эске салып, шайлоо комиссиясы Жээнбековдун маселесин өзүнчө талкуулашы керектигин билдирди:

"Бул маселени талкуулайбыз. Биз Жээнбековдун талапкерлигин каттадык. Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берүү биздин милдетибиз. Ошондуктан, бул маселени бүгүн-эртең талкуулашыбыз керек болот".

Абактагы саясатчынын талапкер катары катталышы Кыргызстанда сейрек болчу окуя катары саналууда. Себеби, буга чейин абакта отурган бир нече саясатчылар талапкер болууга арыз берип, бирок алар канааттандырылчу эмес.

Ошондуктан, жарандык коомдун өкүлдөрү Жээнбековдун катталышын прецедент катары сыпаттап жатышат.

БШКнын мурдагы мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков эми сот талапкерге үгүт кампаниясын жүргүзүүгө шарт түзүшү керектигин белгилейт:

Ишембай Кадырбеков.
Ишембай Кадырбеков.

"Ал соттоло элек. Талапкер болгон соң чыгып, үгүт ишин жүргүзүүгө толук укугу бар. 100 пайыз".

Кадырбеков азыркы кырдаалга окшош 2000-жылдагы өзү туш болгон абалды эске салууда. Ал учурда парламенттеги "чыпалак чыры" үчүн кылмыш иши козголгон Кадырбеков Бишкекте үй камагында туруп, Нарындагы бир мандаттуу округдан жеңишке жеткен.

Жээнбеков эмнеге айыпталды?

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакта. Ага карата мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен бирге "Альфа" кызматкерлерин барымтага алуу, массалык башаламандыкты, бийликти күч менен басып алууга далалат жасоо сыяктуу жети берене боюнча айыпталып жатат.

Жээнбеков 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин үй камагына чыгарылган. Мындан соң президенттикке талапкер катары катышкан. Бирок быйыл август айында үй камактын шартын бузду деген негизде кайрадан камакка алынган.

Равшан Жээнбеков өзүнө карата кылмыш ишин саясий куугунтук катары атап келет.

Бирок президент Садыр Жапаров 23-сентябрдагы маалымат жыйында Жээнбековду саясий куугунтукка туш болду деп эсептебей турганын билдирген.

Айтмакчы, Кой-Таш иши боюнча айыпталгандардын дагы бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Жети-Өгүз округунан талапкер болуп катталды. Жээнбековдон айырмаланып, Сагымбаев соңку маалда эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикте жүргөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. 29-октябрь түн жарымынан тарта үгүт кампаниясы башталат. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG